Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 25.01.2019 17:28

Бакай-Атанын прокуратурасы ата-энелерге, окуучуларга жаңы мыйзамдарды түшүндүрдү

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Бакай-Ата районунун прокуратурасы Бакай-Ата айыл өкмөтүндөгү мектептерде мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана жаңы кабыл алынган кодекстер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бакай-Ата районунун прокурору З.Жумабековдун айтымында, 2018-жылы 2017-жылга караганда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайган. 2017-жылы 6 балага байланыштуу 9 кылмыш иш катталса, 2018-жылы 3 балага 4 кылмыш иш катталган. Бул кылмыш иштер уурулук фактылары болуп, беттери ачылып, келтирилген чыгымдар ата-энелери тарабынан өндүрүлгөн. Мыйзам бузуучулукка барган жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелерине карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 65-1-беренеси менен жалпы 24 миң сом айып салынган. Айыптардын бардыгы төлөнгөн.

Мындай түшүндүрүү иштери, район аймагындагы башка мектептерде да ата-энелердин катышуусу менен жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×