Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Талас облусуКара-Буура району 28.01.2019 09:45 На русском

Чиновник 400 миң сомдук күлүк белек кылды: Таластагы көк бөрүгө бир нече миң көрүүчү келди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 27-январда Кара-Буура районунун Бакайыр айыл аймагында райондор аралык көк бөрү мелдеши өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас, Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун командалары катышкан мелдешке 4 миңге жакын адам келди. Байгеге Талас облусунун жетекчилигинен 30 миң сом, Кара-Буура районунун акимчилигинен 30 миң сом бөлүнгөн. Оюнчулар улуу муун жана кичүү муун болуп күч сынашты. Оюндун ачылыш аземинде Кара-Буура районунун 24 жаштагы көк бөрүчүсү Нуржан Мелисбек уулуна КРнын Спорт федерациясы тарабынан «Спорт чебери» наамы тапшырылды.

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев Манас районунун командасына 400 миң сомго Золотой аттуу күлүктү белек кылды. Дамирбек Курманалиев аргымакты көк бөрүчүлөрдү колдоо максатында жеке каражатына алып бергенин билдирди.

«Көк бөрү оюнунун, Манас районунун курама командасын колдоо максатында бул күлүктү өзүмдүн каражатыма алып бердим. Балдардын алдыга умтулушуна жакшы өбөлгө болсун дедим», - деди ал.

Жаш муундар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун - Талас району;

- 2-орун - Манас району;

- 3-орун - Бакай-Ата району.

Улуу муундар арасындагы жыйынтык:

- 1- орун - Кара-Буура району;

- 2-орун - Бакай-Ата району;

- 3-орун - Манас району.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×