Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 28.01.2019 18:02

Айыл турмушу: Токтогул сүйгөн Алымкандын сиңдиси Салтанат апа Таласка келин болуп келгенде кайын агасы жумуш кылдырчу эмес (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы Сатыбекова Салтанат апа жаңы келин болуп келгенде кайын агасы бийдин кызы деп жумуш кылдырчу эмес. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Аксы районунун Жаңы-Тал айылынын кызы. 1974-жылы жолдошу Асан Сатыбеков экөө баш кошуп, Бакай-Атага келин болуп келген.

«Биз Субан бийдин тукумдары болобуз. Токтогул сүйгөн Алымкандын сиңдилери болом. Бир атадан тараганбыз. Азыркы учурга чейин мени тааныгандар «бул деген Токтогул сүйгөн Алымкандын сиңдиси» деп калышат. Өзүм Таласка жээнмин. Ошондуктан Таласка келин болом дегенде үйдөн эч ким каршылык көрсөтүшкөн эмес. Жолдошум экөөбүз окуу жайдан таанышканбыз. Ош гуманитардык педагогикалык институтунда чогуу окучубуз. Ал жогорку билим алуу үчүн атайын Ошко келип окуп жүргөн экен. Бат эле тил табышып кеттик. Таластыкмын десе кулагыма аябай жакшы угулган. Анткени таякемдер жашаган жер деп жакшы билчүмүн. Жолдошум экөөбүз башында дос, тайпалаш катары сүйлөшүп жүрчүбүз. Ал өзүнүн туулган жерин, мен өзүмдүн туулган жеримди мактап, айтор сөзүбүз түгөнчү эмес. Кийин ал мамилебиз жакшы сезимдерге айланды. Көп убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Сүйлөшүп жүргөн учурда эле ата-энеме «таластык бала менен сүйлөшүп жатам» деп айта берчүмүн. Кийин «турмушка чыгам» десем эч кимиси деле каршылык көрсөтүшкөн жок. Тескерисинче «тай жагыңа бара жатасың» деп сүйүнүшкөн.

Жолдошум 1972-жылы үйлөнүү тууралуу сунушун киргизди. Экөөбүз тең окууну бүтүп үйлөндүк. Таласка жетелешип эле келип калганбыз. Оштон билим алам деген мени дагы кошо ала келген. Ошентип келиндик доорду башымдан өткөрө баштадым. Мени кайын журтум жакшы кабыл алды. Бирок үй жумуштарын жасоодо бир аз кыйынчылыктар болду. Мен байдын кызы болуп, өтө эрке болуп чоңойдум. Бул жакка келгенде да кайын агам «бийдин кызы» деп мени кастарлап сыйлап, тектүү жердин кызы деп жумуш кылдырчу эмес. Чай үстүндө отурганда кайын агам төрдө отурса мени дагы кошо төргө, жанына отургузуп алчу. Абысындарым мени жаман көрүп, эрегишип жүрүштү. «Сен деген келинсиң, төргө отурба, уят» деп көп айтышчу. Кайын агам ал сөздү угуп калып абысындарымды урушкан. Ал кезде мен жаш экенмин, кайын агам деп уялып да койбоптурмун (күлүп).

Бир үйдүн эрке келини болдум. Баары кайын агамдан коркушуп, мени жумуш кылдырчу эмес. Кийин балалуу болуп калган кезде жумуштун баарын кылып үйрөнгөм. Ал убакта жолдошум көп жардам берди. Экөөбүз 2 балалуу болдук. Азыр учурда 7 неберебиз бар. Төркүнүмө барган сайын таластыктарды мактап отурам. Сүйлөшүп отуруп таластыкча сүйлөп салсам бир туугандарым түшүнбөй, «өзүбүз жакка келдиң го, өзүбүздүн тилибизче эле сүйлөчү» деп чычалашчу», - деди Салтанат апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×