Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуБакай-Ата району 29.01.2019 11:21

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Курманкулова 30 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 58 жаштагы тургуну Анаркан Курманкулова 2 миң сомдук курактарды курап сатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын кызы. Чеберчилик менен алектенгенине 30 жыл болду.

«Мен 9 бир туугандын улуусумун. Үйдүн улуу кызы болгондуктан апам эмне жумуш кылса мен дагы кошулуп жардам берчүмүн. Апам убагында айыл элине кызмат кылган, кыздын себин даярдаган иштүү айым болгон. Курактын түрүн кураган мыкты куракчы эле. Менден кийинки сиңдим экөөбүз апабыздын жолун жолдодук десем болот. Мен курак курасам, сиңдим токуучулук менен алектенип келет.

30 жылдан бери чеберчилик менен киреше таап келе жатам. Курак курап, кыздардын себин жасайм. Буйрутма көп болгон убакта кайын сиңдим экөөлөп иштейбиз. Анын да колу жөндөмдүү. Буйрутма күз жана кышкы убактарда көп келет. Анткени күздө келин алып, кыз берүүчүлөр көп болот. Түндөп тигип бүтүрүп берген учурлар да көп. Кездемелерди ар ким өзү алып келип тиктирип кетет. Кездемелер өздөрүнөн чыкса 300 сомдон курап берем. Көпчүлүк тургундар көзгө көнүп калган деп эле каттама куракты куратып кетишет. Ал өтө эле майда жумуш жана куралышы дагы майда.

Башында кол машина менен тигип киреше таап келсем, кийинчерээк бут машина сатып алып пайдаланып жатам. Алган тигүү машинаны киреше таап актап койдум десем болот. Апам дагы өз колу менен жасап кыздарына сеп берсе, мен дагы кыз-келиндериме өзүм жасап берип жатам. Мурдараак кол менен жасалган иштер көп бааланчу. Азыр болсо баары сатып эле алганды туура көрүшөт. Ошондой болсо дагы буйрутма берип, курак куратып жаткандар көп. Азыр курактын дагы түрлөрү көбөйүүдө. Ар ким өзүнүн жаккан курагын келип куратып кетишет. Баалары ар кандай, 300 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат. Тапкан маянам үй оокаттарына кенен жетет. Кышкы убакта бош отурбай өзүмдү алаксытып күн өткөрөйүн деп буйрутманы көп алам. Анткени кышында жумуш жок болот эмеспи. Бирок элде дагы акча тартыш болгон маал болот. Ал жагын ойлоп, бир аз болсо дагы акча болгон маалга чейин күтүп турам. Негизи жасаган эмгегимди баалап, ыраазычылык билдиргендер да көп. Эң кыйын жумуш бул кол өнөрчүлүк деп айтам. Ар бир адамдын колунан келе берчү нерсе эмес. Үй-бүлөм дагы менин чеберчилигимди баалап, көмөк көрсөтүп келишет. Кыздарым да иштүү», - деди Анаркан апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×