Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуБакай-Ата району 30.01.2019 10:35 Жаңыланды: 02.02.2019 15:54

Жубайлар: Иманбек ата менен Акиш апанын тарыхын уккан неберелери жомок катары көрүшөт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары — 98 жаштагы Жанкорозов Иманбек ата менен 88 жаштагы жубайы Жанкорозова Акиш апа 72 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Иманбек ата: Балалыгым татаал мезгилге туш келди. Жокчулук мезгилде чоңойдум. Мен бой жеткен маалда согуш башталды. 7-классты аяктап эле колхоздо иштеп жүрдүм. Кийин 20 жашка чыкканда согушка чакырышты. Ошентип 1942-жылы согушка аттандым. Ал жерден көрбөгөн күндү көрдүм. Өтө кыйын учур эле. Көз алдымда канча деген боордошторум жок болду. Арадан 1 жыл убакыт өткөндөн кийин мен дагы катуу жаракат алып кайтып келдим. Кийген кийимдеримди, колумдагы куралымды илип коюп, өзүмө жашынууга жер казып жатканда катуу жаракат алдым. Ошентип оор жаракатымдан улам 1 жылдан кийин кайтып келдим. 1 жыл төшөктө жаттым. Акырындык менен баягы эле колхоздун жумушуна аралаша баштадым. Күнү-түнү жаныбыз тынбай иштейбиз. Бош убагымда мал кайтарам. Кийин 3 жылдык билим алдым. Алган билимим менен конторлордо иштеп жүрдүм. Апаларыбыз согушка кеткен уулдарын үмүттүү көздөрү менен карап күтүшөт. Айылыбызда картаңдар, балдар жана апаларыбыз эле болуп калдык. Аталарыбыз, мендей курактагы балдар мекен үчүн деп согушка аттанып кетишкен. Бир гана жакшы жашоону, тынч заманды көрсөк экен деп жашачубуз.

Согуш токтоду, колхоздун жумушу күчөй берди. Чоңойдум, өзүнчө үй-бүлө күтүшүм керек эле. Бир кыз менен сүйлөшүп көрөйүн дедим. Жубайым Акиш кыздар менен ойноп жүргөн экен. Тартынбастан барып тааныштым. Көңүлүбүз туура келди окшойт, көп узабай эле жетелешип үйгө кирип келгенбиз. Ал өмүр бою тылда иштеп, саанчы болуп эмгектенип келди. 41 жылдан бери пенсиядабыз. Жокчулуктун баарын сабырдуулугу менен чыдап жеңди. Жаратканым бизге 14 баланы буйруптур. Азыр төртөө жер астында, ону маңдайыбызда. Кудайым бизге узак өмүрдү берген экен, экөөбүз тынчтык заманда, бактылуу өмүр кечирип жатабыз. 100 небере-чөбөрөбүз бар. Булардын заманы биздикиндей заман эмес. Гүлдөп турган жашоодо жашап жатышат. Башыбыздан өткөн окуяларды айтып берсек жомок уккандай эле болушат. Кээ бир учурларда башыбыздан өткөргөн күндөрдү эстеп көзүмө жаш алам. Биз эмне деген күндөрдү гана көргөн жокпуз. Бирок неберелеримдин күлкүсү, чоң ата, чоң эне деген жылуу сөздөрү эле өткөн күндөрдү унуттуруп коёт.

Акиш апа: Күн өткөн сайын ден соолугуң да жакшы болбой калат экен. Мага караганда чалым өзүнө тың, баарын билет. Мен болсо өткөн күндөрдү бат эле унутуп коём. 14 баланы төрөп багуу деген өзүнчө эле жомок сыяктуу. Азыр баары кудайга шүгүр, балдарым өз ырыскылары менен. Экөөбүз небере келинимдин колундабыз. Ата-эне деп ысык тамагын маалы менен берип келет. Картайган сайын күчтүү тамак жеп эле отуруш керек экен.

Эмне дейм... Өсүп келе жаткан муундарыбыз татаал мезгилди, кандуу күндөрдү көрбөсүн. Биз башыбыздан өткөргөн күндөрдү силер көрбөгүлө. Ар бир адам өз үй-бүлөсү менен бактылуу болушсун, чекелери чертилбесин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×