Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 31.01.2019 15:49

Замирбек Сыдыков Талас районунун акими болуп дайындалды

Turmush -  Сыдыков Замирбек Бейшенович Талас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Талас районунун акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аны аким кылып дайындоо жөнүндөгү буйрукка өкмөт башчы М.Абылгазиев кол койду. З.Сыдыков буга чейин Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Резюмеси:

Туулган жери: Талас районунун Таш-Арык айылы;

Туулган жылы: 1979-жыл;

Үй-бүлөлүк абалы: 1 кыз, 2 уулдун атасы.

Билими:

- 1997-жылы Токтогул атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган;

- 1998-2004-жылдары — Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен дүйнөлүк экономика адистигин алып чыккан;

- 2009-жылы Бишкек шаарында кыргыз юридикалык академиясында юрист адистигинде толук эмес жогорку билим алган;

- 2010-жылы Талас шаарында Кыргыз Республикасынын президентинин башкаруу академиясында «Башкаруучулардын жаны муунун мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка» квалификацияны жогорулатуу курсунда окуган;

- 2012-жылы — Санкт-Петербург шаарында «Укукттук суроолор боюнча директор» темасындагы семинарынын квалификацияны жогорулатуу курсу;

- 2012-жылы — Сочи шаарында «Юристер, бухгалтерлер жана кадровиктер үчүн келишимдер» темасындагы семинарынын курстарын аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1997-2002-жылдары — «Бейшен» дыйкан чарбасынын башчысы;

-2000-2003-жылдары — Талас облустук фермерлер союзунда системалык администратор жана насыя боюнча кеңешчи;

- 2003-2004-жылдары — Талас облустук билим берүү башкармалыгында 1-категориядагы адис;

- 2004-2005-жылдары — Эл аралык ЛАРК укуктук долбоорунун Кызыл-Адыр айылынын ага юристтин жардамчысы;

- 2005 – 2009-жылдары — ЛАРК коомдук бирикмесинин Кара-Буура жана Талас филиалдарынын директорунун жардамчысы жана бухгалтери;

- 2009-2013-жылдары — «ЛАРК ТАЛАС» Коомдук фондусунун директорунун финасылык жана кадр маселеси боюнча директордун орун басары, юрист;

- 2013-жылдан азыркы убакка чейин Айдаралиев айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×