Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 01.02.2019 16:30 На русском

Бакай-Атада массалык түрдө өлүп, суунун жээгине ташталган койлордун сөөктөрү көмүлдү (видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын тургундары Үйүр-Марал суусунун жээгине ташталган 50гө жакын койдун сөөгүн тазалашты. Бул тууралуу айыл тургундарынын бири Нурбек Жайчыбеков билдирди.

Анын айтымында, окуя 3 жума мурда болгон.

«Үйүр-Марал суусу биздин айылдын үстүндө жайгашкан. Ал жактан Зарянын кыркы деген жеринен айылдын балдары малдын сөөктөрү массалык түрдө төгүлгөнүн көрүп калып, айтып келишкен. Биз 5-6 бала болуп бардык. Чынында эле суунун жээгине 30 койдун денеси, 20 чакты койдун башы жатыптыр. Биз 2 күн дегенде чогултуп, өрттөп, көмүп келдик. Ким төккөнү белгисиз бойдон калды», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×