Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуКара-Буура району 05.02.2019 08:29 Жаңыланды: 05.02.2019 19:02 На русском

43 бала бир күндө каза болуп... Таластагы күйүт (видео)

Turmush -  Кечээ, 4-февралда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында «Интернат 1969» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кара-Буура районунун акиминин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, бул иш-чара 1969-жылы 4-февралда Киров мектеп интернатындагы окуяга арналып уюштурулду. Анда аталган интернаттан өрт чыгып, 43 баланын (балдар жана кыздар) өмүрү кыйылган. Бул интернатта алыскы аймактагы малчылардын балдары окуган. Бул окуяга 50 жыл толгондугуна байланыштуу эстелик орнотуу демилгеси менен уюштуруу тобу түзүлдү.

1969-жылы кышында Таластын Киров айылындагы окуя көптөгөн балдардын өмүрүн алган. Күзөтчүнүн күнөөсүнөн улам чабандардын балдары окуган интернат өрттөнүп кеткен. Тарбиячылар балдарды имаратка таштап, өздөрү шейшептерди байлап, терезеден чыгып кетишкен. Ал эми куткаруу иштери 40 градус сууктан улам суу тоңгондугуна байланыштуу оор болгон. Кийин күйүп бүткөн күлдүн арасынан 39 баланын денеси табылган. Алардын жынысы күйгөндөн калган ткандарды араң чогултуп жатып аныкталган. Эгер денеде калган көйнөк майка болсо эркек бала болгон, эгер түстүү көйнөк болсо кыз деп табышкан.

Каргашанын кесепети боюнча Компартиянын Борбордук Комитетинде бюронун отуруму да өткөн. Партиялык орган диверсия болушу мүмкүн деп да шек санаган. Анткени Киров районунда кыска убакыттын ичинде ар кайсы мектептерде 3 жолу өрт чыккан. Бирок бул каргашада атайын жасалган кылмыштын белгилери табылган эмес. Бардыгы жөнөкөй кайдыгерликтен чыккан кырсыктар болгон.

Манас районунун Жийде айылынын 61 жаштагы тургуну Ажыбек Айылчиев 1969-жылы 4-февралда Киров мектеп интернатында 43 бала күйүп каза болгон окуяга өз көзү менен күбө болгон. Аймактык кабарчы аталган окуянын 50 жылдыгына карата анын эскерүүсүн укту.

Малчылардын балдары билим алган интернат

Ал учурда алыскы кыштоодо, жайлоодо жашаган малчылардын балдары азыркы Кара-Буура районунда жайгашкан интернатта билим алчубуз. Бул интернет 1959-жылга чейин согушта ата-энесинен айрылган балдардын үй-интернаты болгон. 1959-жылдан баштап Киров атындагы 8 жылдык мектеп-интернаты болуп которулган. Ошондон баштап бул интернатка Талас өрөөнүнүн бардык жеринен малчылардын балдары окуп калган.

Каргаша болгон күн, күйүп өлкөн бир туугандар

1969-жылы мен 5-класста болчумун. 1969-жылдын 4-февралы күнү ал жерде мен агам, эжем, иним төртөөбүз окуучубуз. Андан тышкары бир тууган эжемдин 2 кызы бар болчу. Ошол учурда мектеп интернаттын жатаканасы өрттөнгөн эле. Ошол өрттө менин 2-класста окуган Чыныбек иним, жогоруда айткан эжемдин 2 кызы тең каза болгон. Биздин үй-бүлө 3 баласын жоготушкан эле. Биз уктап жатканбыз. Бир маалда элдин топураган үнүнөн ойгондук. 1 жума мурун интернатта жылытуу системасы жарылган эле. Кызыл-Мойноктон аскерлер келип, ширетип оңдоп кетишкен. Чоңдордон «эмне кылабыз?» деп сурасак «1 жума мурдагыдай болду окшойт» дешти. Барыбыз бөлмөбүздөн чыкпай олтурдук. Көрсө бардыгы эле баягыдай ширетип жатат деп унчугушпаптыр. Бир маалда кара түтүн каптап калды. Кошуна бөлмөдө иним Чыныбек бар эле. Улам ал жакка чуркайм, дем ала албай кайра келем. 2 жолу барып жете албай келдим. Жанымдагы досумдан дагы «менин күчүм келбей жатат, иним ушул жакта калып калды» деп суранып чырылдап ыйладым. Ал дагы барып жете албай келди. 3-кабаттын айнегиндеги секи жасап түшүп башташты. Досум биринчи түшүп кетти. Аркасынан мени дагы түшүрүштү. 2 кабаттын айнегине жеткенимде, үстүмө бирөө күп этип кулады. Мен жерде 10 мүнөттөй турбай жатып калдым. Бир туугандарым келип, шейшепке ороп көтөрүп бара жатканы эсимде. «Чыныбек калып калды, Чыныбек калып калды» деп кайталап жаттым. Бир чабандардын үйүнө алып баргандарын билем. Ошентип иним чыкпай калып каза болгон экен. Ата-энем акыркы күнгө чейин күйүттө ыйлап жашашты. Балким өрт учурунда алыс чуркап кетип, башкалар багып алгандыр, жок дегенде бирөөсү эртең кирип келет деп үмүттөрүн үзгөн жок. Өрттөн 1 жума мурун калың кар жааган экен. Качса дагы алыска жетпей түндө тоңуп калышмак.

Өрт боюнча чыккан сөздөр... Шектүү аялдардын аракети, күлү гана калган балдар

Өрт чыккан 3 кабаттуу имараттын ортолору карагай менен курулган экен. Азыр имараттар бетон менен куюлат. Өрттө күйүп жаткан 3-кабат 2-кабатты басып кулап, 2-кабаттан 1-кабатты басып кулап жок болгон. Менин эсимде чырылдаган ый, кыйкырык үндөр жок болуп калып жатты. Кийин балдардын күлдөрүн эле, коробкаларга салып айылдарга таратышкан. Калдыктарынан кийим кара өңдүү болсо эркек деп, түстүү өңдөгү кийим болсо кыз деп таратышкан. Кийин бул өрт боюнча көп божомолдор болду. Шпионаж деп көп айтылат. Бизде 1-кабатта китепкана эле. Биз 3-кабатта жатчубуз. Кечкээ маал иним экөөбүз ээрчишип түшүп, 2 китеп алып өйдөгө чыкканбыз. Чыгып келе жатканыбызда тааныш эмес 2 аял тепкичтин жанындагы дубалдарды щетка аябай менен жышып жатышкан экен. Мен ошондо эжекемден «бизге комиссия келеби?» деп сураганым эсимде. Анткени бизде комиссия келет дегенде катуу даярдык болчу. Кечээ өткөн эскерүүдө «ошондо дубалдарга тез күйүүчү каражаттар колдонулган» деп айтып жатышат. Өрт учурунда тепкичтерден түшүп кетпесин деп ошол жерлер биринчи өрттөнүп кеткен экен. Ошол убакта радиодон «СССРдин Орто Азиядагы мамлекеттеринде мектеп-интернаттарды, малчылардын, дыйкандардын жатаканасын бага албай өрттөп жатышат» айтылган экен. Бул сөз бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт.

50 жылдан кийин бул балдарды эскерип, эстелик тургузуу боюнча демилге көтөрүлүүдө. Эскерүүлөрдө 39 бала каза болгон деп айтылчу экен. Акыркы жыйынтык менен 43 бала деп жүрөт. Анткени өрттөн 2-3 күндөн кийин дагы каза болгондор болгон.

Ажыбек Айылчиев азыр Манас районунда маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Жубайы экөө 3 уул, 2 кыздын, 15 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×