Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусу, Талас 06.02.2019 13:15

Таласта аба ырайы кескин начарлап, сапарга чыккан айдоочуларга эскертүү берилди

Turmush -  Бүгүн, 6-февралда Талас облусунда аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу сапарга чыккан айдоочуларга жолдо сак болуу эскертилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Талас—Бишкек каттамындагы айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы керек.

«Талас облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарды алдын алуу максатында эртең мененки саат 7:30дан саат 8:30га чейин мектептердин, бала бакчалардын алдында кызматтарын өтөшөт. Мындан тышкары 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстердин негизинде жол эрежесин бузган 119 айдоочуга ар кандай беренелердин негизинде протоколдор түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×