Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусу, Талас 06.02.2019 10:38

Таласта 11 см кар жаады. Көчөлөргө кум себиле элек (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарында бүгүн, 6-февралга караган түндөн бери кар жаап жатат. Бул тууралуу айдоочулар билдирди.

Айдоочу Искенбек Айдаровдун айтымында, жолдор тайгалак.

«Биз ички каттамда, шаар ичинде иштейбиз. Эртеден бери студенттерди, мектеп окуучуларын, жумушуна бара жаткан кишилерди ташып жатабыз. Талас шаарындагы бир дагы жолго кум себиле элек. Ушул жагын бийлик көзөмөлдөп койсо жакшы болот эле», - деди ал.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков чукул арада жолго кум себиле тургандыгын билдирди.

Учурда Талас шаарында 11 см кар жаады. Кар дагы токтобой жаап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×