Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусу, Талас 06.02.2019 12:09 На русском

Таластын Бекмолдо айылынын тургундары Жерүй кенине байланыштуу митинг уюштуруу боюнча чакырыктарга каршы, - аксакалдар (видео)

Turmush -  Кечээ, 5-февралда Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өтүп, Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары интернетте митингге чыгуу боюнча айтылып жаткан чакырыктарга каршы экендиктерин билдиришти.

Бекмолдо айыл аймагында адис болуп иштеген Кытайбек Дүйшеновдун айтымында, интернетте «Жерүй кенинин ишине байланыштуу Бекмолдонун тургундары 10-февралда митингге чыгат» деген сөздөр айтылып жатат.

«Интернетте «10-февралда митингге чыгабыз» деген чакырыктар тарап жатат. Бизде Жерүй кени жабылсын деген пикирлер жок. Бизде айылда кайра жаштарыбыз үчүн, эл үчүн жумуш орундары түзүлүп, ар кайсы адистикке окутуулар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө айылыбызда 180 адам иш менен камсыз болду», - деди ал.

Бекмолдо айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Садырбек Оторбаевдин айтымында, кендин иштеши менен жергиликтүүлөргө жумуш орундары түзүлүп жатат.

«Мен ошол Жерүйдө 2 жолу өткөн сынакта комиссиянын мүчөсү болуп отурдум. Айылыбыздын эли бизди шайлап беришкен. Бизге бюджетибизге канча деген миллиондор каралып, элге канча кызмат орду түзүлүп жатат. Биз бул кенге каршы болсок, башында эле эч нерсесине катышпайт эле да. Митингге чыгабыз деп айылда сөз да болгон жок. Айылыбыздын атынан сүйлөп, чыр кылгандарга каршыбыз. Биз тынчтыкты каалайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×