Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуТалас району 06.02.2019 15:03

Кайын эне: Казак элинен 2 күйөө балалуу болгон Алмабү апа келиндерин өз кыздарындай көрөт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы 73 жаштагы Жусупбекова Алмабү апа кайын энесинен үйрөнгөн тарбия менен өз келиндерин тарбиялап жатат. Аймактык кабарчы Алмабү ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Арал айылына 16 жашында келин болуп келген.

«Жаңы келин болуп келгенде аябай жаш болчумун. Апам ар бир нерсени өз орду менен жасаганды үйрөтүп, туура эмес иштериме көз жумуп, өзүнүн акылдуулугу менен тарбиялап алган экен. Азыркы учурда өзүм дагы келиндүү болуп калдым. Кээ бир учурда аларды көрүп алып, өзүмдүн жаңы келин болуп келген күндөрүм эсиме түшүп кетет. Абышкам экөөбүз 2 уул, 3 кызды чоңойттук. 43 жашымда күйөө балалуу болдум. Албетте ичиң ачышып, балдарың жаныңда эле болгонун самайт экенсиң. Бирок жашоонун мыйзамы бар. Ал дагы өзүнчө турмуш курушу керек.

Биздин урууда башынан эле казактан кыз алып, кыз берип калчубуз. Биздин кыздар да (2 кызы) эжелеринин жолун жолдоп, казак элине келин болду. Казак менен кыргыздын салты бир-биринен айрып алгыс окшош болгондуктан кудалар менен тил табышуу кыйынчылык деле жараткан жок. Кадимки эле кыргыздын салты менен алдыбызга түшүп келишти. Кийин биз сеп алып, барып, казак кудалардын сыйын көрүп келдик. Бизден айырмаланып, турган бир нерсе бар экен. Куданын бир туугандары ар бири өзүнчө кийит кийгизип, кийитке толуп келгенбиз. Казак күйөө балдарым өз баламдай жакын. Ар жыл сайын келип турушат. Улуу кызым кеткенде көп билген жок элем, эң кичүү кызым турмушка чыкканда 1 күн ыйлап жатып калгам. Анткени ал жанымда көп жүрдү. Экөөбүз акылдашып иш кылчубуз. Кийин небере кыздуу болуп, кыздарымдын ордун толтуруп, өзүмдү кармап калдым.

Андан кийин келин алдык. Үйгө жаңы келин келгенде аябай кубанат экенсиң. Кубанычтан көзүмө жаш келип, ыйлаган да учур болгон. Азыр кичүү балам Нурландын колундабыз. Келиним Гүлгакы экөөбүз кадимки эне менен кыздай бир-бирибизге ынак болуп, акылдашып иш кылабыз.
Келиндериң жакшы болсо өз кызыңдай болуп калат. Улуу келиним Нургүлдү өзүмдүн улуу кызымдай көрөм. Азыр үйдө отуруп дыйканчылык кылып, төшөк жасап, шырдак шырып жаткан учурум. Буйруса небере кыздар, келиндер апамдыкы деп эстеп жүрсүн деп сепке кошуп берем», - деди ал.

Алмабү апа 2 уул, 3 кызынан 11 небере, 5 чөбөрөлүү болгон.

Кичүү келини Гүлгакы айым кайын энесинен көп нерсени үйрөнгөндүгүн белгиледи.

«Менин бул үй-бүлөгө келин болуп келгениме быйыл 28 жыл болду. Ошол аралыкта апамдан көп нерсени үйрөндүм. Мен бир үйдүн жалгыз кызы болуп эрке өсүп, көп нерсени жазаганды билбейт элем. Апам эч жаман айтпай, жакшы сүйлөп үйрөттү. Алардын бири кол өнөрчүк. Жайдын күнү экөөбүз төшөк жасап, шырдак шырыйбыз. Мага өзгөчө жакканы жүн жууган кез болчу. Анткени чоң суунун боюна барып, жууп келчүбүз.

Апам 73 жашта, бирок азыр деле биз менен катар эле чуркап, жумуштарды бүтүрөт», - деди келини.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×