Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 06.02.2019 17:50 На русском

Ишине кеткен боюнча дайынсыз: Бакай-Атада 34 жаштагы Рамис Тотонов изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 34 жаштагы тургуну Рамис Тотонов 1 жумадан бери дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, Рамис 2019-жылдын 31-январында саат 18:30 чамасында Бакай-Ата районунда «Глобал Ширалжын Майнинг» ЖЧКсы иштеп жаткан алтын кенине барып, ал жерден белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

«Ал аталган кенде 2 жылдан бери иштеп келчү. Жубайы Түркияга иштегени кеткен. 1 уул, 1 кызы бар. Эч кандай оору менен жабыркабайт. Аялы иштегени Түркияга кеткенде балдарын өзү багып жүргөн. Балдарын абдан жакшы көрчү. Жумушуна дагы түз барып, түз келип жүрчү. 31-январь күнү жумушуна барган. Кийип жүргөн формаларын иштеген жерине таштап, жука кийимдери менен чыгып кеткен. 1 жумадан бери издеп жатабыз. Барбаган жерибиз калган жок. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Райондук милицияга арыз жаздык», - деди туугандары.

Ал эми Бакай-Ата РИИБдин кирминалдык кызматынын өкүлү Адилет Арыков издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Учурда издөө амалы жүрүп жатат. Шыралжын жайлоосунан баштап, каналдар, суу тосмолор жана айылдарга чейин барып издеп жатабыз. Бизге жакындары тарабынан арыз түшкөн. Алардын айтымдарында изделип жаткан тургун 1 жума мурун жумушунан чыккан бойдон үйүнө кайрылып барган эмес», - деди ал.

Рамис Тотоновду көргөн-билгендер болсо 0701 60 16 29, 0709 23 51 56 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×