Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 07.02.2019 13:13

Айыл турмушу: С.Мусурапова колго 5 миң сомдук гүлдөрү жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 28 жаштагы тургуну Саламат Мусурапова кагаздан 5 миң сомдук гүлдөрдү жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылынын кызы. Кесиби боюнча эсепчи. Жасаган гүлдөрүнүн эң арзаны 250 сомго бааланат.

«Окууну бүтүп турмушка чыгып, үй-бүлө, бала-чака деп кесибим боюнча иштеген жокмун. Бирок жакынкы убактан бери балдар менен үйдө отуруп, кирип-чыгып иштетем деп дүкөн ачканбыз. Дүкөндүн ичин кооздоо үчүн интернеттен гүлдөргө буйрутма бердим. Эртең менен буйрутма берген гүлүмдү кечинде алып келип беришти. Карап көрсөм өзүм деле жасап алчудай экен. Башында сатып алган гүлдөргө окшоштуруп жасадым. Өзүмдүн да кызыгуум болгондуктан бат эле үйрөнүп алдым. Атайын өзүбүзгө жасап, бөлмөлөргө койдум. Үйгө келген коңшулар, туугандарым кызыгып, буйрутма бере башташты. Ар бир гүлүмдү интернетке жарыялап турчумун. Ал жактан бааларын өздөрү айтып буйрутма бере баштады. Ошентип эле көп кардар чогулта баштадым. Дүкөн ачып иштетем деп гүл жасаганды дагы үйрөнүп алдым. Муну менен кошумча киреше таап жатам. Азыркы учурда сүйүү күнүнө деп атайын роза гүлгө буйрутма бергендер көп болууда. Ар бир кардарымдын гүлүн кубануу менен жасайм. Мисалы узуну 1,6 метр болгон гүлдү 1,5 миң сомго баалайм. Анын 500 сомун керектүү материалга кетирем. Ал гүлдү 4 саатта жасап бүтөм. Ар бир саатымды 250 сомдон баалайм. Ошондо баары биригип 1,5 миң сомду түзөт.

Кичинекей гүлдөрдү гофрокагаздан жасайм. Алар 250 сомдон 800 сомго чейин сатылат. Ал эми уктоочу бөлмөгө же болбосо конок бөлмөгө коюлуучу гүлдөрдү фоамиран деген материалдан жасайм. Ал метериалдын өңү өчпөйт жана жууп-тазалап турса дагы болот. Чоң гүлдөр 800 сомдон 5000 сомго чейин бааланат. Дүкөнгө келген кардарлар суктанып, буйрутма берип кетишет. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Дүкөндө отуруп деле жасап коём. Ал убакта мага сиңдим жардам берет. Экөөлөп жасап бүтүрөбүз. Анын дагы колу жөндөмдүү», - деди ал.

Саламат айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×