Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуТалас району 07.02.2019 14:12

Таластын Арал айылындагы мектептин курулуш материалдары боюнча маселе көтөрүлдү

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы жаңы курулуп жаткан мектептин курулуш материалдары кар астында калды. Бул тууралуу Талас районунун Арал айылынын тургуну кечээ, 6-февраль күнү Талас районундагы жыйында билдирди.

«Бизде жаңы курулуп жаткан мектеп үчүн деген курулуш материалдары кар алдында калды. Ал жараксыз абалда болуп калды да. Кайра ошол материалдарды жараксыз кылып колдоно беришет. Айыл эли ушул жагын көзөмөлгө алууну суранабыз», - деди ал.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев бул маселе көзөмөлгө алынарын айтты.

«Бул боюнча тапшырма берилген. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисине да эскертилди. Туура айтасыз, экинчи жолу кар астында калып калса курулуш материалдары жарабай калары анык. Куруучулардын үстүнөн катуу көзөмөл болот», - деди ал.

Мектептин чоо-жайы:

2018-жылдын ноябрь айында Талас районунун Арал айылындагы Касым Нанаев атындагы орто мектептин имараты авариялык абалда экендиги, мектепте 700 окуучу билим алып жатканы белгилүү болгон. 3 корпустан турган мектептин курулушу 1928-жылы башталып, ал 350 окуучуга ылайыкталган.

«Бүгүнкү күндө мектептин бир корпусу жарактан чыгып калган. Мектеп авариялык абалда экени боюнча корутунду да чыккан. Өтө начар абалдагы бөлмөлөрдү оңдогонбуз. Буга карабай балдарга заман талабына жараша билим берүүнү улантып, жыл жыйынтыгы боюнча ЖРТдан, предметтик олимпиадалардан биринчи болдук. Эски мектептин жанына эле 450 орундуу жаңы имарат курулуп жатат. Анын курулушу 2014-жылы башталган, 2016-жылы жыйынтыкталышы керек болчу. Бирок учурда курулуштун 50 пайызы да аяктай элек», - деген мектептин директору Сейил Жуматаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×