Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуТалас району 07.02.2019 16:29 На русском

Таласта Жерүй кени боюнча отчет берилди

Turmush -  Кечээ, 6-февралда Талас районунда жайгашкан Жерүй алтын кени боюнча отчет берилип, андагы ишмердүүлүк талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында «Бакубат Талас» фондуна бөлүнгөн каражаттарга аткарылган долбоорлор боюнча сөз болду. Саламаттыкты сактоо тармагында 14 долбоор, социалдык коргоо маселелери боюнча 13 долбоор, манадият тармагында 26 долбоор, спорт тармагында 40 долбоор, айыл чарба багытында 9 долбоор, суу чарба багытында 7 долбоор, билим берүү тармагында 37 долбоор ишке ашкан.

«Интернетте бул алтын кендин зыяндуулугу боюнча маалыматтар тарап жүрөт. Бул жыйында ошол Талас облусунун тургундарынын коопсуздугу тууралуу жана алардан (кенден) бөлүнгөн акчалар каякка жумшалганы айтылды. Адамдарга зыяны жок экени айтылды. Анан бул компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кенде иштөөгө байлардын балдары эмес, социалдык жөлөк пул алган, мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү иштесин деп, бүгүнкү күндө социалдык коргоо бөлүмүнөн аныкталган 27 баланын резюмесин өткөрдүк», - деди Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев.

Жыйынга кенди иштеткен «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчиси Михаил Шубин, орун басары Көлбай Мусаев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, облустук мекемелердин жетекчилери, айыл аймак башчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×