Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуМанас району 08.02.2019 09:38

Айыл турмушу: Манастык Ж.Курманбекова 35 жылдан бери билим жыйылган мекемеде иштеп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын 55 жаштагы тургуну Жаркын Курманбекова 35 жылдан бери китепканачы болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты. Өзүнүн айтымында, Манас районуна караштуу Кайыңды айылында төрөлгөн.

«1984-жылы Токмок шаарындагы окуу жайдан китепканачы адистигине ээ болуп чыккам. Ошол күндөн тарта ушул кесипти аркалап келем. Алгач Манас райондук китепканада иштедим. 2003-жылдан бери Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Рахманбердиев атындагы мектептин китепканачысы болуп ишимди улантуудамын. Бул жумуш жеңил көрүнгөнү менен көп эмгекти талап кылат. Мен өзүм китеп окуганды сүйөм. Бала күнүмдө эле айылдык китепканага барып, көптөгөн китептерди окугам. Ал китепканада даанышман эже иштейт эле. Аны көрүп, китепканачы болом дечүмүн. Ошол себептен бул кесипти сыймыктануу менен аркалап жүрөм.

Турмушка чыкканда Покровка айылына каттап иштеген кыйын болуп, бул мектептин китепканасына орношком. Бул айылда айылдык китепкана дагы бар. Негизи мектептин китепканасы болгондон кийин мектеп окуучуларын тейлейм. Программага ылайыктуу китептерди кошумча катарында алып окуган окуучулар жок эмес. Долбоорлордун ар кандай жакшы иллюстрациялары менен даярдалган китептер бар.

Окуучулар гана эмес мугалимдер дагы бат-бат каттап турушат. Мугалимдер үчүн атайын методикалык китептер келет. Өздөрүнүн программаларына ылайыктуусун алып окушат. Иш күнүм саат 8:00дө башталып, кечке чейин балдар менен жүрөм. Ар кандай иш-чаралар болуп бурат. Көргөзмөлөрдү уюштуруп, альбом, буклеттерди чыгарып турам. Негизи окуучулар менен ар бир күн кызыктуу өтөт. Китепканага окуучулар кирип-чыгып, керектүүсүн мага каттаттырып колдонушат.

Бир күнү эшигимди кулптап үйгө кеткем. Жаңы эле үйгө киргенимде артымдан мени чакыртышып жиберген экен. Көрсө китепканада окуучу кыз калып калыптыр. Кайра жумушка жеткенче жүрөгүм түшүп калган. Ал кыз азыр 11-классты бүтүп кеткен. Ошондо ал кыз 4-класс болчу. Ал кыз китептерди ушундай берилип окучу. Дабышы чыкпай, арткы катардагы китептерди барактап окуй кеткен экен. Мен эч ким жок деп ойлоп, жаап кетип калган элем. Ошондон кийин жабарда текшерип калгам (күлүп).

Азыркы балдардын талаптары күчтүү. Башталгыч класстын окуучулары сүрөттүү китептерди көп окушат. Кээ бир окуучуларда «түшүнгөнүңдү айтып берчи» деп сурап калсам сонун кылып айтып беришет. Жөн эле китепти берип койгон максат эмес. Мисалы өткөндө бир окуучу бала келип, «ат жөнүндө терең билгим келет, ал жөнүндө китеп барбы?» деп келди. Бар болгонун берем. Ушинтип кызыгып сурап келгендер арбын. Чоң класстын кээ бир окуучулары сынакка даярдануу үчүн гана китеп издеп келишет. Негизинен чоң класстын окуучулары көп кире беришпейт.

Бизде 5000 көркөм адабият, методикалык 1000 колдонмо бар. Калгандары окуучулар үчүн окуу китептери. Көбүнчөсү союздан калган орус китептер. Анткени бул эки тилдүү мектеп. Заман талабына ылайыкталган китептер көп болуп, балдар интернетке караганда китепке берилип окушса жакшы болмок», - деди ал.

Жаркын айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×