Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуКара-Буура району 11.02.2019 12:29 На русском

Эгиздер: Нуркыз менен Чыңгыздын чачтарын алып салса эч ким айырмалай алчу эмес (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылында чоңойгон 28 жаштагы эгиздер Шербек кызы Нуркыз менен Шербек уулу Чыңгызды кичинекей кезинде чачтарын кырып салышса кошуналар айырмалай албай калчу. Аймактык кабарчы эгиздерден кабар алды.

Нуркыз айымдын айтымында, учурда үй-бүлө куруп, 3 баланын апасы болду.

«Кичине кезибизде мен бышыгыраак болгон экенмин (күлүп). Чыңгыз жоош болуптур. Бир нерсе болсо эле Чыңгыз ыйлайт деп ата-энем аны өздөрү менен алып, мени коңшулардыкына калтырып кетчи экен. Себеби Чыңгыз аябай ыйлаак болуп, эч кимге көнбөгөндүктөн аны дайыма көтөрүп болсо да жандарында алып кетчү экен. Биз 4-5 жашка чыкканча чачтарыбызды алып салышчу. Окшош кылып кийинтип, чачыбызды алып салса, баары айырмалай албай калчу (күлүп). Коңшулар кайсынысы кыз, кайсынысы бала деген ойдо калышчу.

Эгиздер болушчаак болот экен. Башкалар бирөөбүзгө тийишсе болушуп, экөөлөп аны ыйлатып салчубуз (күлүп). Ушундай учурлар көп болгон. Азыркы учурда мен турмуш кургам. Мектепти жакшы аяктадык. Мен мектепте окуп жүргөндө ыр-бийлерге көп катышчумун. «Жаш талант» сынактарына көп катышкам. Олимпиадаларга кыргыз тил, адабият сабактарынан катышып, журналист болом дечүмүн. Бирок тилекке каршы болгон жокмун. Чыңгыз болсо көбүнчө спортко катышчу.

Чыңгыз мырзанын айтымында, кесиби боюнча эколог. Учурда дыйканчылык менен алектенүүдө.

«Азыр ата-энем менен турам. Атам эсепчи болуп, апам мектепте мугалим болуп иштеген. Азыркы учурда экөө тең ардактуу эс алууда. Мен айыл ичинде трактор айдап да иштейм (күлүп)», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×