Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуТалас району 11.02.2019 17:30 На русском

Таласта 1,4 гектар жер талашка түштү. Жергиликтүүлөр мурдагы айыл өкмөт башчысы менен соттошууда

Turmush -  Бүгүн, 11-февралда Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өтүп, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары мурдагы айыл өкмөт башчысы менен жер талашып соттошуп жаткандыктарын билдиришти.

Маалымат жыйынга Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын башчысы Данияр Рахматов, айыл тургундары Сыйынды Кулов, Сыргак Кошоев жана Расул Сыдыковдор келишти.

«Биз 2017-жылдын январь айынан бери мурунку айыл өкмөт башчыбыз Абдыкадыр Токтогулов менен соттошуп келе жатабыз. Себеби, 1995-жылы айылга жерлерди үлүшкө бөлүп жаткан кезде Кара-Ой айылынын ортосунан, мектептин жанынан маданий жана спорт курулуштары үчүн деп 2 гектар жер таштаганбыз (үлүшкөн бөлбөй). Каражаттын тартыштыгынан улам мектеп бул жерди колдонуп келген. Ошол учурда айыл өкмөт пайдаланып, өзүнө үлүш жер катары каттатып алган экен. Ал жөнүндө эл билип калып, айыл өкмөт тарабынан териштирүү чаралары көрүлгөн эле. Мамлекеттик каттоо кызматынан такташа келгенде учурда ал жерде 1 гектар 40 сотых жер бар. Ошол жер талаш болууда. Айыл өкмөттүн балансындагы жерди менчикке өткөрүп алган. Бүгүнкү күндө бул жер үчүн чуркап жатканыбыздын себеби Жерүйдөн акча бөлүнүп, ал жерге айыл үчүн маданий курулуштар жүрөт.

Биринчи бул иш 2017-жылы райондор аралык сотто каралып, Абдыкадыр Токтогулов уткан. Экинчи жолу Талас облустук сотунда каралып, биз уттук. Кайрадан Жогорку сотко даттануу жазылгандыктан 12-февраль күнү Жогорку сотто каралат экен. Бул жерди бир айылдын пайдасына калыс чечип берүүнү суранабыз», - деди алар.

Ал эми Токтогул Абдыкадыровдун айтымында, аталган үлүш жерди мыйзамдуу түрдө алган.

«1995-жылы жер бөлүнгөн. 1997-жылы айыл өкмөт башчы болуп иштеп, 1998-жылы эл катары үлүш жер алгам. Ал жерден 2 жер тилке алдым. 1 гектар 40 сотых жер. Анын 1 гектары үлүш жер, 40 сотых жери чарбак үчүн. Мен жерди мыйзамдуу алгам. Менден мыйзамсыз талашып жатышат. Бүгүнкү күндө Жогорку сотто каралууда. Сотко башында мен бергем. Соттон мен дагы калыстыкты суранам. Бул нерсени уюшулган топ эмес, сот чечет. Мен 2 жолу айыл өкмөт башчы, 6 чакырылыштан депутаты, мектеп директору болуп көп жыл иштеген адаммын. Мен дагы укуктарымды жакшы билем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×