Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 16.02.2019 10:46

Таласта айылдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (видео)

Turmush -  15-февралда Талас районундагы айылдар арасында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мамбеталиев Кожоке атанын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, 8 команда катышкан мелдеш жаштардын ынтымагын чыңдоо максатында уюштурулган. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Жыйынтык:

- 1- орун — Талас шаарынан келген командасы;

- 2- орун — Кара-Суу айылынын командасы;

- 3-орун — Арал айылынын командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×