Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусу, Талас 17.02.2019 12:11

Таласта көк бөрү боюнча өткөн облустук мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык менен сыйланышты. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 16-февралда Таластын “Манас Ордо” комплексинде көк бөрү боюнча облустук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга оюнчулардын бири Нуржан Мелисбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын айыл аймактар аралык көк бөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Бул жолу көк бөрү мелдеши облустук деңгээлде өтүп, ага жалпы 8 команданын көк бөрүүчүлөрү күч сынашты.

Мелдеш эки этап менен өттү. Биринчи этапта жаштардан түзүлгөн командалар беттешсе, экинчи этапта улуу муундагы көк бөрүчүлөрдүн командалары күч сынашты.

Жеңүүчүлөр:
- 1-орунду Талас районунун командасы ээлеп, кубок жана 15 000 сом;
- 2-орунду Манас районунун командасы ээлеп, 10 000 сом;
- 3-орунду Кара-Буура командасы алып, 7 000 сом;
- 4-орунду Бакай-Ата командасы ээлеп, 5 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, быйыл көк бөрү оюнун колдогондор көп.

“Облустук администрация 4 район жана шаар администрациялары менен биригип, ар бир оюнга 5 миң сомдон чогултуп, жалпы 30 миң сомдон берип жаттык. Мында облус боюнча бардык оюндун жыйынтыгы менен Нуржан Мелисбек уулу мыкты оюнчу деп тандалды. Ага буйруктун негизинде 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды”, - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×