Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусуМанас району 18.02.2019 17:15

Манас районунда Ооган согушунун ардагерлери акчалай сыйлык менен сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 18-февралда Манас районунда Ооган согушунун 13 ардагери акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Покровка айылынын башчысы Акназар Жалилов билдирди.

«Ооган согушуна катышкан 13 ардагерге жогорку деңгээлде майрамдык иш-чара уюштурулду. Ардагерлер курман болгон жоокерлер үчүн Покровка айылындагы «Афган интернационалисттер» паркында жайгашкан эстеликтин жанында куран окутушту. Асманга залп атылды. Ардагерлерге сый тамак тартууланып, акимчилик, айыл өкмөттөр тарабынан 1000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Андан сырткары мектеп окуучулары концерттик программа тартуулашты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×