Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 20.02.2019 12:20 На русском

Таласта шаардын мэрин кызматтан кетирүү үчүн депутаттар жабык сессияга чогулду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 20-февралда Талас шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэри Айдар Жузупбековго нааразычылык көрсөтүү үчүн жабык сессия өткөрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өздүк булактардын билдиргенине караганда, жабык жыйынга 28 депутат келди. Жыйын саат 10:30 чамасында башталып, саат 11:30 чамасында бирден кирип, бюллетень менен добуш берүү башталды.

Кийинчерээк өздүк булактар мэрдин кызматтан кетишине 18 депутат макул добуш берсе, 9 депутат каршы добуш бергенин билдиришти. Ал эми 1 добуш жараксыз болуп саналган. Мэрдин кызматтан кетиши үчүн 21 добуш керек болчу.

Айдар Жузупбеков Талас шаарынын мэри болуп 2017-жылдын 13-мартында шайланган. Ал «Республика — Ата Журт» партиясынан талапкер болуп катталган. Айдар Жузупбековдун талапкерлигин шаардык кеңештеги 30 депутаттын ичинен 24 эл өкүлү колдогон болчу.

Мэрдин ишине нааразычылыктар:

2018-жылдын 5-июлунда Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков отчет берген. Бул Айдар Жузупбеков кызматка келгенден берки биринчи жолку отчёту болгон. Сессияга жалпы 31 депутаттан 24 депутат катышкан. Мэр шаардагы социалдык-экономикалык маселелер, бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгү, жылуулук менен камсыздоо боюнча маалымат берген.

Депутаттар өз кезегинде мэрдин отчёту кеч берилип жатканына нааразы болуп, Шаар күнү төмөн деңгээлде өткөндүгүн, шаардын 74 жылдык мааракеси жөнүндө депутаттардын жарымы кабарсыз калганын айтышкан.

Андан кийин Айдар Жузупбековдун шаардык кеңештин депутаттарына берүүчү отчету күзгө калтырылганы маалымдалган.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттары мэрдин отчетуна баа бербестен, аны 2018-жылдын 10-октябрында өтүүчү курултайга калтыруу боюнча токтом чыгарышкан.

«Депутаттар Куран кармап ант беришкен» деген сөздүн чоо-жайы

2018-жылдын сентябрь айында А.Жузупбеков шаардык кеңештин депутаттарынын ишеним көрсөтпөй коюу мүмкүндүгү жөнүндөгү сөздөргө комментарий берген. Ал Turmush басылмасына берген билдирүүсүндө журналисттердин бирине шаардык кеңештин депутаттарынын ага ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушка Куран кармап ант беришкендиги жөнүндө айтып бергенде эмнени айткандыгын түшүндүргөн.

«Мурда депутаттар сессияга Куран китеп кармап келген учурлар болгон. Андан кийин бул тууралуу айтылып жүрдү. Талас шаарына жоопкерчиликтүү адам катары шайлоо учурунда ишенбөөчүлүк маселесин кароодо дин менен саясатты бири-бирине каршы коюуга нааразы экенимди билдиргем. Бирок бул тууралуу коомчулукка жарыялоо үчүн эмес, журналист менен өз ара сүйлөшүү учурунда айткам. Керек болсо ал журналистке эгер жеке маекте айтылгандарды божомол менен жарыялагысы келсе анда мага комментарий же интервью боюнча кайрылбоо керектигин айткам. Мен тиги же бул депутат Куранды кармап мага каршы чыкты деп айта албайм. Бул жөн гана менин божомолум болчу. Батыш өлкөлөрүндө Библияны кармап ант беришет. Бирок ыйык Куран менен саясатты аралаштыруунун кереги жок деп эсептейм», - деген мэр.

Айдар Жузупбеков мындан тышкары мэр болуп келгенден бери президент менен өкмөт башчынын бардык жарлыктарын, буйруктарын аткарууга бардык аракетин жумшагандыгын билдирген. Ал Талас өнүгүү жолунда деп эсептей тургандыгын билдирген.

Өз кезегинде шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Айбек Сүйүнтбеков мэр ЖМК аркылуу «бир аз так эмес маалымат» тараткандыгын айткан.

«Ал депутаттар аны негизсиз отставкага кетирүүнү каалап жатышат, 3 жолу чогулушуп, бирок кворум болгон жок деп айтып жатат. Бул боюнча ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча эч кандай сессия болгон эместигин айткым келет. Бир гана жолу 20 депутат топтолгон. Кворум үчүн 21 депутат чогулушу керек. 1 депутат анда кандайдыр бир себептер менен келбей калып, биз сессия өткөргөн эмеспиз. Бул бир жума мурда болгон. 100% ишеним менен айта алам, Куран менен эч кандай отурум өткөн эмес. Бул боюнча эч ким эч нерсе айткан эмес. Ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча социалдык тармактарда сурамжылоо жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө сурамжылоонун жыйынтыгында катышуучулардын 89% мэрдин отставкасына макул болуп жатышат. Биз депутаттар андан 5-6 жолу сурандык, бирок ал такыр иштебей жатат. Ал айтып жаткан инвестициялар булар даяр инвестициялар. Ал керек болсо ошолорду да өздөштүрө албай жатат. Ал шаар мэри катары керек болсо 1 сом да инвестиция тарта алган жок», - деген депутат Сүйүнтбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×