Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 01.03.2019 12:45 Жаңыланды: 04.08.2019 07:30

Жубайлар: К.Апышов сүрөттөн көрүп, издеп жүрүп таанышкан жубайы экөө 30 жылдан бери мектепте иштеп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Каракол айылындагы жубайлар Кадырбек Апышов менен Дамира Апышов 30 жылдан бери мектепте мугалим болуп иштеп келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышып, кабар алды.

Жубайы: Мен 1966-жылы Бакай-Ата районунда төрөлгөм. Жолдошум экөөбүз 1989-жылы баш кошконбуз. Жогорку окуу жайды 1990-жылы бүтүп, математик мугалим адистигине ээ болуп чыккам. Экөөбүз тең мугалимдик кесипти азыркы күнгө чейин аркалап келе жатабыз. Кадырбек Каракол мектебинде 31 жылдан бери, мен 30 жылдан бери иштеп келебиз. Эң биринчи мектепте эмгек жолумду жаш балдарга тарбиячы болуу менен баштагам. Мага кичине балдар менен иштешкен аябай жаккан болчу. 2 жыл өткөндөн кийин өз кесибим боюнча, математика мугалими болуп иштеп калдым. Негизи мугалимдик кесип татаал жактары менен эсте калат. Эң биринчи сабак өткөнүм эсимде (күлүп).

Балдар мен сабак өтүп жатканда кызыгуу менен угуп, сабакка активдүү катышып бергени менен менин эсимде калган болчу. Өзүм ушундай кызыктуу кылып өткөнүмө аябай сүйүнгөм. Ушунча жыл эмгектенип, балдарга жакшы билим бере алдым деп ойлойм. Балдарым көп деген олимпиадаларга барып, эң жакшы орундарга илинип, анын ичинен сыртка чейин чыгып ийгилик жаратып жүргөндөрү болду. Быйылкы бүтүрүүчүлөр менен да болгон аракетимди жумшап иштешкенге аракет кылып, алар менен облустук олимпиадаларга чейин чыгып жүрдүм.

Жолдошу: Мен 1962-жылы Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. 1989-жылы жогорку окуу жайды аяктап, кийин жубайым менен баш коштук. Экөөбүз университетте окуп жүргөндө таанышып калганбыз. Университетте атайын жалаң таластыктардын жолугушуулары бар болчу. Ал жерге кайсы адистикте окубасын бүт баары чогулушчу. Ошол жердеги түшкөн сүрөттөн жубайымдын сүрөтүн көрүп калып, курсташ балдарымдын жардамы менен жубайымды таап таанышып калгам. Экөөбүз 2 жыл сүйлөштүк. Биздин учурда кызыктуу учурлар айта берсе аябай эле көп болду. Стипендия алган учурда биз үчүн майрам болчу. Ошол күнү сөзсүз киного бармай биз үчүн салт болуп калган эле. Филорманияга, циркке барчубуз. Жубайымды көп эле жерлерге алып бардым.

Жубайы: Жаңы келин болуп келгенде аябай кызыктуу учурлар көп болду. Шаардан атайын жатаканадан курсташтарым узатуу кылып, дасторкон жазып куттукташып, ал жактан чыккандан кийин Бакыт үйүнө барып никеге турдук. Бөлмөдөн узатып жаткан курсташтарым «колуктуну тепкичтен унаага чейин көтөрүп бар» дешип, жолдошум мени унаага чейин көтөрүп барган эле. Мен болсо ак көйнөкчөн. Ошол учурду жолдошум азыркыга чейин айтып жүрөт (күлүп). Анан Таласка жол тартып келе жатканда унаабыз тоннелге жеткенде бузулуп калып жатпайбы (күлүп). Көрсө жолдошум орус таксистти жалдап алыптыр. Ал орус айдоочу Таласка биринчи жолу келе жаткан экен. Унаасы бузулуп, мен ак көйнөкчөн, жолдошум анын достору костюмчан, баарыбыз үшүп жолдо калганбыз. Биз болсо алардын костюмдарын кийип алганбыз. Сыртка чыксаң бороон, суук. Акыры бир унааны токтотуп, биздин унааны оңдошту. Таласка таңкы саат 4:00дө келгенбиз. Үйдөгүлөр ал учурда бизди күтүп жатып, уктап калышыптыр (күлүп).

Менин келиндик учурум башталганда эле комедия менен башталган. Мен өскөн Бакай-Ата айылы жылуу болгондуктан бул жакка келе жатканда жеңил эле көйнөктөрүмдү алгам. Көрсө Каракол айылы тоого жакын болгондуктан жайкысын дагы суук болот экен. Мен бул жакка келин болуп келип алып аябай таң калып жүрдүм. Эч нерсе өспөйт, алма дегендер жок. Август айы, окуу башталгыча айылда болуп бир эсте калганы — бул жактан түк жылыбай койгонум болду (күлүп). Жашап жүрө берсең баарына көнүп кетет экенсиң. Кудайга шүгүр, жолдошум чечкиндүү адам. Бир айтканын аткарат. Тил таба билет.

Жубайлар 4 бала, 1 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×