Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуБакай-Ата району 04.03.2019 17:51

Бакай-Ата районунда 8-март майрамына карата салтанат уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 4-мартта Бакай-Ата районунда 8-март майрамына карата атайын концерт уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимдин орун басары Айжамал Шаболотова билдирди.

«Биз 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына деп атайын апалар үчүн чакан концерттик программа жана сый тамак уюштурдук. Ошондой эле район аймагында үзүрлүү эмгектери үчүн айрым айымдарга Бакай-Ата райондук администрациясынын ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Мындан тышкары улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине кошкон зор салымдары үчүн ишкер айымдар жана апаларга мааракелик төш белгилер тагылды. Майрамдык кечеге 100дөн ашуун аялзат катышып, ар бир конокко гүл белектер берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
42.76% (458)
«РСК Банк»
33.71% (361)
«Капитал Банк»
8.5% (91)
...
Всего голосов: 1071
×