Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуБакай-Ата району 05.03.2019 17:43

Өрт өчүрүп жаткан үйдө токко тартылуу, жарылуудан коркпой иштөө: Куткаруучу К.Чотоевдин ишиндеги коркунучтар (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 42 жаштагы тургуну Кадыркул Чотоев 15 жылдан бери Бакай-Ата районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1994-жылы мектепти аяктаган соң Талас агрардык техникумунун айыл чарба бөлүмүндө билим алган. Андан кийин Талас мамлекеттик университетинде электрик адистиги боюнча окуган. 2004-жылы Талас шаардык өрткө каршы бөлүмүнө өрт өчүрүүчү болуп жумушка орношкон. Андан соң ошол эле бөлүмдүн кароол башчысы болуп иштеп калган.

«Мына ошондо мага 2 эсе милдет жүктөлдү десем болот. Кароол башчысы болгондо өзүңдүн гана өмүрүң эмес, башкалардын дагы өмүрү үчүн жооптуу болосуң. Жумуш учурунда көбүнчө башка кишинин өмүрүнүн сакчысы болуп калабыз. Ошондуктан кызматкерлерге өздөрүнүн коопсуздуктарына кам көрүүсүн дагы эскертип турам. Биздин жумуш чындыгында татаал. Аты эле айтып тургандай өзгөчө кырдаалдар көп болот.

Бир окуяны эстесем эле балдарга эскертүү берип баштайм. Жаңы иштеп жаткан кезим болчу, жер үйдөн өрт чыкты. Биз өрттөнүп жаткан жерге электр энергиясынын баарын өчүрүп, анан киребиз. Анткени суу чачканда ток урат. Ал үйдүн деле бардык электр булактарын өчүргөнбүз. Бир маалда мени ток урду. Эшикке чыга калдым. Кароол башчым дагы чыкканда «ток урду» деп кыйкырдым. Чын эле үйдө ток бар экен. Электр энергиясын кыркып койгонубуз менен үйдүн ээси уурдап алып келген электр зымын айтпаптыр. Ошондон кийин балдарга алгач «ууру тогун» карагыла деп эскертем. Жаан-чачын жааганда дагы иштөө кыйын болот. Анткени электр энергиясын өчүрүп жаткан кезде ток уруу коркунучу болот. Түшүнгөн кишиге жумуш кыйын эле. Дубал кулап кетип, ичинде калып калган кесиптештерибиз болду. Айылдын эли өрт күчөп кеткенде чакырышат. «А эмнеге кеч чалдыңар?» десек «силерге төлөгөнгө акчабыз жок болчу» деп айтышат. Анан аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле 2010-жылдын 6-апрелиндеги окуяларга күбө болгонун айтып берди.

«Жумушумда эң эле эсимде калган күн — 2010-жылдын 6-апрелиндеги митинг. Үстүбүздөн таш жаап, балдар сабалып, көгөрбөгөн жерибиз калган эмес. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имараты өрттөнүп жаткан. «Ичинде жардыргыч бар, жарылат» деген кыйкырык чыкты. Баары имараттан качып чыгышты. Байкасам биздин гана бөлүмдүн балдары калыптырбыз. Ошондо деле жарылат, эч нерсебиз калбай калат дебей, милдетибизди аткарып жүргөнбүз. Ошол күндү эстегенде чын эле жарылса эмне болмок, үй-бүлө, жакындарыбызды деле ойлобоптурбуз деп күлүп калабыз», - деди куткаруучу.

Кадыркул мырза 3 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×