Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 06.03.2019 17:34 На русском

Таластын тургуну мойнуна 700 миң сом карыз «илишип», атасынын үйүн тартып алышканын айтып чыкты. Иликтөө жүрүп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-мартта Талас-АКИпрессте Талас районунун Козучак айылынын тургуну Таалайбек Тойматов маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, башкалар анын атасынын үйүн мыйзамсыз тартып алышты.

«Атамдын тамын алдырып койдум. Мындан 6 жыл мурун уюлдук телефондорго бирдик салып, бир ишкана менен иштеп баштагам. Ал ишкана бүгүнкү күндө ликвидация болуп кетти. Мен ал жерге эч карызым жок болсо дагы 700 миң сом карыз деп мойнума салып коюшту. Айылдагы үйдүн документин Мамлекеттик каттоодон бүтүрүшүп, 400 миң сомго баалап туруп, 2019-жылдын 4-февраль күнү атамдын Козучак айылындагы үйүн алып коюшту. Мен ал жерде кагаздардын баарын жеке аудиторго текшерткенимде 1 дагы сом карызым жок болуп чыкты. Ал документтерди болсо четке кагып коюшкан. Учурда иш Финполицияда текшерилип жатат. Бул иш боюнча «Кыргызтелекомдун» Таластагы филиалынын жетекчиси суралып жатат», - деди ал.

Т.Тойматов бул маселе боюнча президенттен чара көрүүнү суранды.

(Жактоочу Эльдар Алаков менен Таалайбек Тойматов)

«Кыргызтелекомдун» Таластагы филиалынын жетекчиси Самат Долдоев бул иште алар күбө катары катышып жатышканын айтты.

«Бул иш боюнча Финполицияда күбө катары өтүп жатабыз. Бизди чакырды, суракка алышты. Бул жерде «Кыргызтелекомдун» тиешеси кандай экенин билбей жатабыз. Ал киши бир ишканага (ААК) карыз болгон экен. Ал ишкана болсо биздин борбордук «Кыргызтелекомго» карыз болушкан экен. Биз «Таластелеком» болгондуктан, бул иш бизге тапшырылган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×