Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуТалас району 07.03.2019 13:20

Жубайлар: Таластагы Т.Шаршенова жолдошунун ырдаганын жактырып калып турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Каракол айылында жашаган Шаршенова Тынар айым жолдошу Кадырбек Шаршеновго ырдаганын жактырып турмушка чыккан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: Мен 1965-жылы Каракол айылында төрөгөм. Жубайым экөөбүз борбордо чогуу жүрдүк. ЭВМ заводунда бирге иштедик. Ошол жерден таанышып, 1989-жылы баш кошконбуз. Жаш куракта жатаканада жашап жүрдүк. Ошол кезде жатакананын эшигинин алды бир болчу. Кирип-чыкканда көрүшүп турчубуз. Сүйлөшүп, бири-бирибизди жакындан билип бүлө курдук. Үйлөнгөндөн кийин үй алдык. Очор-бачар болуп, 3 кыз, 2 уулду тарбияладык. Аларды жөндөмдөрүнө жараша окутуп келебиз. Жубайым ачык -айрым, мээримдүү апа.

Учурда мал чарбачылык жана техника оңдоо менен алектенип келем.

Жубайы: Мен 1968-жылы Токмок шаарынын Арал айылында төрөлгөм. Өзүм ЭВМ заводунда 10 жылдан ашуун эмгектендим. Ортодо декреттик өргүүлөр болду. Жолдошум заводдо иштеп, бирге иштешкен адам катарында таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин мамилебиз жакын болуп кетти. Жолдошум бир сүйлөйт. Бир сырдуу, түшүнө билген адам жана ырчы. Жакшы ырдайт. Абысындарымды «жолдошумдун ырдаганын жактырып калып, болду, мен ушул балага турмушка чыгам деп тийип алгам» деп күлдүрүп калам. Мен бийге шыктуумун (күлүп). 5-класста окуган балам робот бийин мыкты бийлейт.

Келин болуп келгенде кайын энем жана кайын атам бар болчу. Үйлөнүп, шаарда жашадык. Айылга 1998-жылы көчүп келдик. Ошондон бери ушул Каракол айылында жашайбыз. Бирге жашаганыбызга 30 жыл болуп калыптыр. Бардык жагдайга шүгүр деп жашап келдик. Шаардан көчүп келгенде кадимкидей көнө албай жүрдүм. Мен Токмокто жашадым, ошол жакта окудум. Келин болуп келгенде орусча сүйлөсөм эле мага күлө беришчү. Азыр ошончо жылдан бери кыргызча үйрөнүп калдым. Анда сүйлөй албай эле орусча сүйлөчүмүн. Жеңеме «жеңе жолугумду кийип алайынчы» десем эле «жоолукту салынат, көйнөктөрдү киет» дечү.

Мен кичинемде үй жумуштарын эжем кылчу. Мен сырткы жумуштарга көп каралашчумун. Биз 4 кыз болуп, эркек бала жок болгондуктан атама жардамдашып жүрдүм. Келин болуп келгенде вермишель бышыр дегенде, оюмдагыдай чыкпай ботко болуп калган. Дасторконго койсом кайын атам менен кайын энем жеп, «даамдуу болуптур» деп шагымды сындырышкан эмес. Ошого ыраазымын. Кайын атам сыртка чыгып кеткенде, кайын энем «мен сага үйрөтөйүн» деп барын этабы менен үйрөткөн.

Учурда тигүүчүлүк менен эмгектенем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×