Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 11.03.2019 09:56

Өзгөчө ысым: Индиянын тасмасы, Украинанын парламенти... Р.Муратованын ысымы (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 49 жаштагы тургуну Рада Муратованын ысымы Индиянын тасмасындагы каармандын атынан коюлган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Жайылган айылында төрөлгөн. Учурда Кууганды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп эмгектенет.

«Өзүмдүн атым өзүмө жагат. Элдин ичинде мындай аттар жокко эсе. Көпчүлүк учурда менден «атыңыз эмне маанини түшүндүрөт?» деп сурап калышат. Менин атым кубаныч, сүйүнүч деген сөздөрдүн маанисин туюндуруп турат. Биздин үй-бүлөгө келген наристелер уул болуп, ата-энем, туугандардын тилеги, ак батасы менен мен төрөлгөн экенмин. Ошол учурда эл ичинде Индиянын тасмалары популярдуу болгон экен. Мен төрөлгөндөн кийин көпкө ат табышпай, апам бир тууган сиңдисине акылдашып, «кандай жакшы аттар бар?» деп сурайт. Кенжекан таежем Индиянын тасмасындагы акылдуу, сулуу Радха деген каармандын атын сунуштаптыр. Анан атымды Рада деп коюшуптур.

Мен Талас шаарындагы мектепте химия сабагынан мугалими болуп эмгектенип калдым. Ал жерде кесиптештер мени тамашалап, Рада Петровна деп кайрылышчу. Бирок «кыргыз кыздарынын аты Рада болбойт» деп күлүп калышчу. Алгач жаңы иштеп баштаганда кесиптештер менен таанышканда Рада деп айтсам, «я очень рад» деп коюшса кызыктай абалда калчумун. Азыр болсо билинбейт, көнүп калдым. Айрым окуучу балдар «сиздин атыңыз Рада деп Украинанын парламентинин атынан коюлганбы?» деп сурап калышат», - деди ал.

Рада айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×