Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 11.03.2019 13:46

«Ай келин, эркектердин алдынан кыя өтпөй жүр»: Гүлгакы жеңе келиндик доору (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы 48 жаштагы Кулубаева Гүлгакы жеңе жолдошу белекке берген буюмдарды ушул күнгө чейин сактап келет. Аймактагы кабарчы жеңеке менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кырк-Казык айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Өзүнөн кийин 4 иниси бар. Жолдошу Нурлан менен таежеси тааныштырган.

«Мен мектепти окуп жүргөн кезимден эле өзүм ыр-бийге жакын кыз болчумун. Ага катар эле сүрөт тартканда жакшы көрүп, оюм түшүрүп калчумун. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарында көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып билим алдым. Окуп жүргөн кезимде таежем «бир жигит менен тааныштырам» деп айтып калчу. Бир күнү эле окуудан келсем ал бала мени жолугушууга чакырган экен. Эжем мени даярдап, айткан жерине жиберди. Барсам 2 бала жанаша олтурат. Ичимден кимиси болду экен деп ойлонуп жаттым. Бирөөсү көп сүйлөгөн, шайыр, ачык бала экен. Анын жанында тескерисинче токтоо, көп сүйлөбөгөн ак жуумал бала көңүлүмө жакты. Ичимден ушунусу болсо экен деп эле жаттым. Менин оюндагыдай мени менен таанышам деп келген жигит ошонусу экен. Нурлан ошол учурда медициналык окуу жайда тиш дарыгердин окуусунда окуп жатыптыр. Экөөбүз ошол күндөн эле жакшы мамиледе болуп сүйлөшүп баштадык. Нурлан ар бир жолугушууда гүл көтөрүп келип, мени окуудан кийин тосуп алып жүрдү.

Бир жолу колумду сураганы келип, ошол учурда мода болуп жаткан брошка (кооз төнөгүч) салып кеткен. Мен белегин алдым дагы «бирок азыр турмушка чыкпайм окуумду улантышып керек» деп өзүмдүн жообумду айтып койдум. Ал учурда мен Москва шаарына барып окуумду уланта турган болуп калдым. Ата-энем каршы чыгып, алыс кетсе ошол жерде калып калат деп мени жибербей койгон. Андан көп узабай эле Нурлан ата-энеси туугандары менен айылдагы үйгө келип, колумду сурап кыргыздын каада-салты менен алып кетишти. Мен үйдөн чыгып жатканда чачымды май менен өрдүрүп кошок кошуп узатышкан.

Ошентип 20 жашымда келин болуп келгем. Ал учурда чоң апабыз дагы бар болчу. Алгач келин үйгө босогону аттап киргенде оозуна сары май салып, «ак жолтой келин бол» деп жолума ун чачып, үйгө алып киришкен. Ошол учурдагы толкундануу бир башкача болгон. Өзүмчө сүрдөнүп, бир жагынан бактылуу экенимди сезгем. 2 кайын энем бар болчу. Мен келин болуп келгенде чоң апабыз да бар экен. Ал мага «келин тергеп сүйлөш керек» деп үйрөткөн. Азыркы күнгө чейин кайындарымды аттарынан айта албайм. Ар биринин өзүнүн аттары бар. Өзүм жалгыз кыз болуп чоңойгондуктан кайын сиңдилерим менен эже-сиңдидей эле болуп аралашып кеттим. Мага үй жумуштары кичине кыйынчылык жаратты десем да болот.

Бир жолу апам конокко кетип жатып, мага «нан жасап кой» деген эле. Мен камырды ачытып, эшикке көң калап жасап баштадым. Апамдын камырды жайып, жатканын көрчүмүн да. Мен дагы кичине эле камырды алып аны тегиздеп жайып, көмөч казанга салып бышырдым. Бышкан нандарым апамдыкына окшошпой, каттуу болуп, анан күйүп калган. Көрсө камырды калың жайыш керек экен. Апам күлүп кайра жаңы нан жасаганбыз. Ал нандарды болсо чайга салып жеп жатып түгөткөн болчубуз.

Ал учурда келинди жүгүнгөнүн аябай баалашчу. Бир жолу айнек тазалап жатсам аркамда атам келе жатыптыр. Алдымды карап жүгүнбөй шашканымдан аркамды караган боюнча эле жүгүнгөн экенмин. Атам дагы көрмөксөн болур эле үйгө кирип кеткен. Ал учурда азыркыдай үйлөрдөн суу чыкчу эмес. Жолдун боюнан суу ташычубуз. Бир жолу шашып эле 2 чакамды көтөрүп алып өтүп баратсам жолдогу чоң ата өтүп бара жатып, «ай келин, кайра бул жакка өт, эркек адамдын алдынан кыя өтпөш керек» деп айткан. Ошондон кийин алыстан кишинин карааны көрүнсө өтпөй турчу болдум», - деди ал.

Гүлгакы айымдын кайын энеси Алмабү апа Гүлгакы жеңе анын кичүү келини экендигин айтты.

«Келиним жаңы келгенде билбейм деп айтчу эмес. Билбесе деле билем деп жасай берчү. Өзүнүн колу жөндөмдүү. Чий чыйрып, беттине сүрөт түшүрүп менин жанымда жүрүп шырдак шырып,
ар бир ишти оюңдагыдай бүтүрөт», - деди ал.

Гүлгакы айым жолдошу Нурлан мырза экөө 1 уул, 3 кыз, 2 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×