Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 12.03.2019 10:52

Айыл турмушу: Сузактык уста Мамат Разык Таласта тиричилик техникаларын оңдоп эмгектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 61 жаштагы тургуну Мамат Разык 25 жылдан бери ар кандай үй техникаларын оңдоп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сузак районунда төрөлгөн. 1995-жылдан бери Талас шаарында жашап келе жатат.

«Радиотехникага кызыгуум болгондуктан атайын ушул кесипти тандагам. 1980-жылы жогорку окуу жайды бүтүп, заводдордо иштедим. Анан радиотехника боюнча сабак берип иштегем. 1995-жылдан бери Талас шаарында адистигим боюнча иштеп келе жатам. Мага кардарлар көбүнчө жогорку Конезаводдон баштап, Таластын ичинен дагы келет. Ылдый жактан Кара-Буурадан келишет. Көбүнчө электрондук техникаларды оңдойбуз. Схемасы болсо оңдогон оңой эле. Мектепте компьютердик класстар бар. Ошонун монтажын, оңдоочу тетиктерин өзүм оңдоп берем. А бул жерде азыр сыналгыларды оңдоп жатам. Азыркы мен иштеп жаткан жайды Субан Адылов ачкан. Аны келишим менен чогуу иштетебиз.

Техникаларды оңдогонго ар кандай убакыт кетет. Мисалы, кээде айрымдарын 2-3 күн үйгө алып калууга туура келсе, кээде 1-2 саатта оңдоп бүтүрүп берем. Азыр жалаң сыналгы оңдоп жатабыз. Алар ар кандай абалда келет. Мисалы, өрттөнүп кеткен сыналгыларды көп алып келишет. Бир жери сынып же 1-2 тетиги күйүп келет. Керектелүүчү тетиктерди атайын Бишкектен алдырабыз. Буйрутма кылсак өздөрү алып келип беришет. Бизде техникалар 400 сомдон 2000 сомго чейин оңдолот. Тетиктери кымбатыраак болсо ошого жараша акы алабыз. Бул жактан айына 6-7 миң сом киреше түшөт. Биз 6 адам болуп иштейбиз, 3 цехибиз бар. Ар бирөөндө эки-экиден иштейбиз.

Үйрөткөн окуучуларым болгон. Азыркы иштеп жаткан 6 бала менин окуучуларым болот. Алар 1-2 ай окуучу болуп иштеп, анан үйрөнгөндөн кийин ай сайын акча алып, өз алдынча иштеп калышты. Кыйын жерлери болсо жардам берип турам. Бош убакта үйрөнгүсү келгендер үйрөнүп кетишет. Өзүмдүн иштегениме 25 жыл болду. Жакында эс алууга чыгам.

Ар бир нерсенин кыйынчылыгы болот. Мисалы ар кандай кишилер келет. Кээ бир адамдар кежир болушат. «Эмнеге элдики оңдолуп, биздики оңдолбойт?» деп айткандары да болот. Кээде тетик табылбай, көп күн издеп калган учурлар болот», - деди ал.

Уста тиричилик техникаларын оңдоп, жылына 90 миң сомго чейин киреше табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×