Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 12.03.2019 11:40

Айыл турмушу: Кара-бууралык Алымкан апа 15 жылга чейин колдонула турган төшөктөрдү тигет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 63 жаштагы тургуну Алымкан Урустемова кыздардын себин даярдап, чеберчилик менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тигүүчү.

«1980-жылдан бери узун ийне жана илме ийнелер менен ар кандай буюмдарды токуп, курак курап, сеп даярдайм. Кыскасы убакытты текке кетирбейм. Учурда тигүүчү машина менен курактарды түрлөп тигип жатам. Куралган төшөктөрдү жакшылап тигип коем. Бери дегенде 15 жыл эч кандай өңү өчпөй, ыдырап сөгүлбөй, айрылбай сакталат. Карап көрсөк курактар элибиздин тоолорун жана табиятын элестетип турат. Үйдө отуруп алып кардардын буйрутма бергенине жараша жасап берем. Курактын бардык түрүн курайм. 1 жер төшөктү курактын татаал түрү менен 4 күндө бүтөм. Бүгүнкү күндө конверт курак белгилүү болуп жатат. Бир метр кездемеден 1 конверт даяр болот. Кайсы жерден өзгөчө курак көрсөм кандай болорун карап эле, үйгө келгенде ошондой кылып тиге берем. Неберелериме дүкөндөн сатып албастан байпак, тумактарынан бери токуп берем. Кийилбей калган тумактарды сөгүп, жибин бекемдеп ийрип алып кайрадан жаңылап токуп берген күндөрүм болот. Жумушум ушул болгондуктан кыйынчылыгы көрүнбөйт. Тескерисинче кызыгып тиге берип, убакыттын өтүшүн байкабай калам.

Таенем бакшы болчу. Элге көп кошулчу эмес. Өзү отуруп кездемени кесип алып, кайра аларды майда кылып колго тикчү. Ал убакта тигүүчү машина жок болчу. Мен кызыгып, карап жүрүп эле үйрөнүп кеттим. Чакан төшөктөрдү кооздоп, мончок кошуп тигем. Төшөктөрдү 350 сомдон, 3 метрлик жер төшөктөр 2000 сомдон сатылат. Жылдызча түрүн дагы көп куратышат. Септерге жалтырак барчаларды кошуп жасайм, көрктүү болот. Тигүүчү 2 машинам бар.

3 кызым турмушта, 3 уулум үйлөнүп 3 келиндүүмүн. Кыздарыма дагы өз колум менен сеп даярдап бергем. Келиндеримдин баарына тегиз карап, окшоштуруп тигип берем. 8-март майрамында чокой токуп бердим. Шырдакты өзүм оюп жасайм. Боёгондо дагы өзүм боёйм. Туурасы 2 метр, узуну 3 метр болгон шырдактарым 10 миң сомго чейин сатылат. Буйрутмаларды коңшу айылдан бери беришет. Кардарларым көп, азыркы кезде кардар тигүүчүнү тандап дагы калбадыбы. Келип, тиккен төшөктөрдү карап буйрутма беришет. Шүгүр, жакшы гана сөздөрдү угуп, ыраазычылыгын алам. Кездемелерин алып келишет», - деди ал.

Чебер апа 3 кыз, 5 уул жана 20 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×