Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 12.03.2019 15:55 На русском

«Хонда», «Мерседес», «Ниссан», «Митсубиси», «Волга»: Таласты башкарган чиновниктерге берилген кызматтык унаалар. Сүрөт

Turmush -  Мамлекеттик кызматта иштеген адамдар кызматтык унааларды айдап жүрүшөт. Ал унаалар чиновниктерге негизинен карапайым салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн чыккан акчаларга алынат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Талас облусундагы чиновниктер айдаган кызматтык унаалар тууралуу маалыматтарды топтоду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 4 унаа бар. Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев 2008-жылы чыккан «Митсубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унааны колдонот. Бул унаа Таласка 2009-жылы келген.

Губернатордун унаасы

Облус жетекчисинин биринчи орун басарынын кызматтык унаасы — 1998-жылы чыккан «Мерседес-Бенц 240». Бул унаа Таласка 2018-жылы келген.

Губер 1-орун басар унаасы

Экинчи орун басардын кызматтык унаасы — 1997-жылы чыккан «Мерседес-Бенц 320». Бул унаа 2017-жылы келген.

2-орун басар губер

Талас шаарынын мэринин кызматтык унаасы — 1995-жылы чыккан «Мерседес-Бенц 320». Облуска 2008-жылы келген.

мэрдин унаасы

Кара-Буура районунун акиминин кызматтык унаасы 1992-жылы чыккан «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа. Райондук администрацияга 2017-жылы бекитилген.

кара буура аким

Манас районунун акиминин кызматтык унаасы — 1997-жылы чыккан «Мерседес». Акимчиликке 2017-жылы келген.

Манас району аким

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин кызматтык автоунаасы — 2009-жылы чыккан «Хонда СРВ». Таласка 2018-жылы келген.

капиталдык курулуш башкармалы

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы оорукананын 2006-жылы чыккан «Нива» үлгүсүндөгү кызматтык унаасы бар. Оңдолгондон кийинки абалы канааттандырарлык. Бул унаа ооруканага Талас облустук прокуратурасы тарабынан 2018-жылы берилген.

оорукананын унаасы

Талас райондук өнүктүрүү фондунун автоунаасы — «Тойота Камри 40». 2017-жылы 586 миң сомго алынган.

Талас райондук өнүктүрүү фонд

Талас регионалдык экологиялык-техникалык коопсуздук инспекциясында 3 унаа — 2015-жылы келген «Волга» жана 2016-жылы келген 2 «Нива» бар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгына «Toyota RAV-4» үлгүсүндөгү унаа берилген. Аталган унаа 42 миң долларга алынган. Бул унааны баасы боюнча маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат бул унаанын базардагы баасы 22 миң доллар экендигин айтып чыкккан. Саламаттыкты сактоо министри унаа жаңы экендигин айтып жооп берген.

Талас облустук өнүктүрүү фондунун жетекчисинин кызматтык автоунаасы — 2004-жылы чыккан «Nissan X-Trail». 2017-жылы 440 миң сомго алынган. (Унаанын өзүнүн сүрөтүн алууга мүмкүн болгон жок)

(интернеттеги сүрөт)

Талас облустук өнүктүрүү фондунун унаасы

Облустук жетекчиликтин аппарат башчысынын кызматтык унаасы катары бекитилген «Митсубиси Паджеро» 1998-жылы чыккан. (Унаанын өзүнүн сүрөтүн алууга мүмкүн болгон жок).

Талас районунун акимчилигине «Волга» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа катталган. (Унаанын өзүнүн сүрөтүн алууга мүмкүн болгон жок).

Бакай-Ата районунун акиминин кызматтык унаасы — 1998-жылы чыккан «Тойота Раф 4». Акимчиликке 2017-жылы келген. (Унаанын өзүнүн сүрөтүн алууга мүмкүн болгон жок).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×