Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 13.03.2019 11:06

Жалкоолорун өлтүрүү, 3 топко бөлүнүү, бий менен карта көрсөтүү: Балчы Р.Султанмуратов аарылардын мыйзамын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 41 жаштагы тургуну Руслан Султанмуратов бал аарыларды көбөйтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, аарыларды бакканына 24 жыл болду.

«Алгач мамлекеттин эсебинен бал аарыларды багып, маяна таап турчумун. Бул тармактагы устатым корей улутундагы жездем. Аны менен катар жүрүп бал өндүрүүнүн жолдору өздөштүрүп алдым. 1995-жылы айлыгымды чогултуп жүрүп, аарысы менен 5 үкөк сатып алдым. Азыркы учурда 25ке жакын үкөгүм бар. Быйыл дагы жаз айы менен аракет кылып көбөйтүп, көчүп жүргөнгө ыңгайлуу шарт түзөлү деп жатам. Бир сезондо 1 тоннага жакын бал алабыз. Анын ар бир литрин 350 сомдон өткөрүп, орто эсеп менен 150 миң сомго чейин киреше тапкан учурлар болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле аарылардын өздөрүнүн мыйзамдары бар экенин кошумчалады.

«Мени өзгөчө кызыктырган нерсе аарылардын мыйзамдары өтө күчтүү болот. Эмгекчилдикти жакшы көрүшөт. Өз-өзүнчө топтор менен иштешет. Бир аары оозун гүлдүн ширесине толтуруу үчүн 300-400 гүлгө конуп чогултуп кетет. Оозу толгон ширенин жарымы бал болсо, жарымы суу болуп, сыртка алып чыгып төгүп, тазалап турушат. Жаңы пайда болгон аарынын 23 күндө канаттары чыгып, жетилет. Бирок алар алгач уяда болуп, өзүдөрүнөн кийинки балдарын багышат.

Аарылар 3 топко бөлүнөт. Чалгындоочулар гүлдүү талааларды таап, ал жерлерге байкоо жүргүзүп келет да үйдөгү аарыларга ал жердин картасын бий түрүндө көргөзүп берет. Экинчилери бал чогулткуч аарылар болот. Алар байкоочу аарылар түзгөн карта менен барып, шире чогултуп келишет да үйдөгү бал жасаган аарыларга тапшырат. Алар ширени иштетип, суудан биз жеп жаткан таза балды бөлүп алат. Аарылар жалкоолорун жаман көрүп, өлтүрүп койгон дагы учурлар кездешет.

Мага бул ишиме апам көп жардам берет. Апам экөөлөп үкөктөн балды бөлүп чыгарабыз. Атайын китептерин алып окуп, түшүнүгүбүздү кеңейтебиз. Бизде кооптуу нерсе кыштын күнү аарыларды өлтүрүп алуу болот. Аарылар эмнеден улам кырылып калышы мүмкүн? Алгач аларды кармап жүргөндө жакшы түшүнбөй өлтүрүп алган учурлар болгон. Көрсө аары күндүн суугуна туруштук бериш үчүн күзүндөгү балына тийбеш керек экен. Алар бал жеген сайын өздөрүнүн денесинен кандайдыр бир ысыктык чыгып, суука тоңуп өлүү коркунучу жок болот», - деди ал.

Руслан мырза 1 уул 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
42.76% (458)
«РСК Банк»
33.71% (361)
«Капитал Банк»
8.5% (91)
...
Всего голосов: 1071
×