Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуКара-Буура району 13.03.2019 12:47

Жубайлар: Чабан М.Раманкуловдун жубайы А.Ниязбекова достор арасында «Даткайым» деген атка конгон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы жубайлар Музыке Раманкулов менен Алмакүл Ниязбекова 40 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Жубайы: Мен Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынан төрөлгөм. Атам согуштун ардагери. 40 жыл трактор айдап, айылдагы алгачкы трактордун ээси болгон. Ата-энем балдарынын баарын окутуп, мыкты тарбия беришкен. Уулу акем мектеп директору, жеңем мугалим болуп эмгектенишкен. Алар учурда ардактуу эс алууда. Ал убакта айылдан 4-классты гана окучубуз. 5-класстан жогорку класстарды коңшу айылдан бүтүргөм. Колхоз иштеринде тазалык боюнча үлгүлүү болуп жүрүчүмүн. Тазалыктан 1- орунду алып, байгелерге ээ болчумун.

Жолдошу: Мен 1955-жылы Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында төрөлгөм. Учурда Шекер айылында жашап келебиз. Элим, жерим ушул жер. Жубайым экөөбүздү аяшыбыз тааныштырган. Биринчи мага жуйбайымдын сүрөтүн көрсөткөндө эле ашык болгом. Кудай насип кылып башыбызды бириктирди. Турмуштун кыйынчылыгын көрдүк. Бизди агам үйлөнтүп-жайлантты. Ал киши мыкты болгон. Анан өз тирилигибизди улап кеттик. Ата-энебиз кары кишилер болчу. Тиричиликти алып кетиш керек болду. 1979-жылы 24 жашымда үйлөндүм. Шекердин почтасына бир унаа каттачу. Аны айдаган бала менен сүйлөшүп, ошол унаа менен жубайымды алып келгем. Ал убакта колхоз деген күчтүү болчу. Ал убакта бригадирге баш ийчүбүз.

Бир күнү Шекербай деген бригадир «Балам сенин ата-бабаң кой баккан кишилер болчу. Козулардан алып аларды багып тиричилик кыл» деп айтты. Ошентип жубайым экөөлөп күнү-түнү көз ирмебестен карап бактык. Кийин эмгегибиздин акыбети кайтып, колхоздон мыкты чабан деп Болгарияга 25 күнгө эс алып келүүгө жолдомо берилди. Ошол убакта чабандарды аябай көтөргөн жана баалаган.

Жуйбайымдын адамкерчилиги бийик. Адамга кылган сый мамилесин баалайм. 40 жыл ичинде 3 уул, 2 кыздуу болдук. Азыр уул-кыздарыбыз мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат.

Жубайы: Мен акыркы коңгуроодо даталуу күндө келин болуп келгем. Баш кошкондон баштап эмгек кылып, мээнеттенип жүрдүк. Ал убакта жолдошум тоо ашып койду айдап кетчү. Мен болсо жолдошум ачка калбасын деп челектин түбүнө чок салып, анын үстүнө чайнекти, тамакты салып алып ысык кылып алып барып түшкү, кечки тамактарын берчүмүн. Анда термос деген жок болчу. Алгачкы жылы койлордун жүнү 1 тоннадан ашып, эмгек кылып жакшылыкты көрдүк . 15 жыл кой бактык. Ал убакта сакманчы алчубуз. Аларга бере турган тамак-аштын саатын минутасына чейин график кылып түзүп алып, жумуш кылып барына жетишчүмүн. Ал убакта комиссия келчү. Аларды дагы күтчүмүн. Кой союп, бир жагына куурдак жасап, бир жагына казан кайнатып, балдар жаш, аларды карап жетишкениме өзүм дагы таң калам. Көпчүлүк койдун сары майы дегенди билбейт экен. Мен убагында койлорду саап, 13 челек сүт кылып, аны бышырып айран уютчумун, эки карын сары май кылып келчүмүн. Илгери мен түймөч кылып келчүмүн. Койдун этин казанга салып, кыпкызыл кылып кууруп, өзүнүн карынына салып коём. Ал даяр оокат. Келген коногуңа жылытып берсең даяр тамак болот. Карындын оозу ачылбаса эч нерсе болбостон жыл маалына тура берет.

Кайын атам жана кайын энем менен 13 жыл бирге жашадык. Алар мыкты, таалимдүү кишилер болчу. Кайын энем китепти бир окуп эле жатка айткан сөзмөөр киши болчу. Жолдошум чынчыл, жүрөгү таза, балдар үчүн эмгек кылган, үй бүлөсүнүн камын ойлогон киши. Алгач жолу таанышканда бир көрүп ушул сапаттарын баалагам (күлүп). Ата-энемдин тарбиясы күч болгон. Үйгө барып калганда «үй-бүлөгө карамдуу болуп, кайын журтту какпа» деп айтчу.

Бир күнү жолдошумдун аскерге бирге барган жоро-жолдоштору келип калды. Биз анда там салып жатканбыз. Алар менен азыркы чейин катташып турабыз. Ошол кезде 2 жолдошу келинчектери менен келип калды. Свет жок. Ошол убакта демейде жасап жүргөн тиричилигим да элес алган эмес экенмин. Бирок алар баалаптыр. Бир жагынан нан жасап, куурдак кууруп, койду союп казанга асып коюп, бир убакта баары дасторгонго келип калды деп таң калышкан. Чырак менен эле барына жетишип койду дешиптир. Алигиче айтып жүрүшөт. Жолдошумду кандай келинчек алган деп суктанышкан экен. Жоро-жолдоштордун арасында «Даткайым» деген атым бар (күлүп).

Жубайлар 3 уул, 2 кызынан 15 неберелүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×