Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 13.03.2019 14:01 На русском

Колго түшүп рахмат айтып ыйлаган кылмышкер, аялын өлтүрүп көмүп салган малчы: Погончон айым Д.Сарногоеванын эмгек жолу (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 34 жаштагы тургуну Динара Сарногоева учурда милициянын капитаны. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Милициянын катарына келүү

Мен Талас шаарындагы №1-орто мектебин аяктап, 2001-жылы милициянын академиясына тапшыргам. Ал жакты 2008-жылы аяктадым. Ошол жылдан бери милицияда кызмат кылып келе жатам. Биринчи эмгек жолумду Талас районунун жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнөн баштагам. Андан соң аналитик болуп иштедим. Талас облустук ички иштер бөлүмүндө катчылар тобунда иштедим. 2016-жылдан бери Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын ага инспектору болуп иштеп келе жатам.

Апасы таштап кеткен баланы өз балдарыма кошуп бактым

Милициянын жумушу оор. Айрыкча райондо иштеген кызыктуу. Ар кандай адамдар келет. Ар кандай арыздар жазылат. Жаш өспүрүмдөр менен иштегенде дагы ар кандай кырдаалдар болуп жатты. Көп нерсени көрүп, көп нерсеге такшалдык. Айылдарда эле балдарын таштап кеткен энелер болду көп.

Бир жолу 1,5 жашар баланы 3-4 күн баккам. Анда жаш өспүрүмдөр менен иштеген учурум болчу. Апасы баласын маршрутта жалгыз таштап кетип калыптыр. Ал баланы бизге өткөрүп беришти. Анан жумушта иштегендер эркектер болгондуктан баланы таштабай, «Динара сен энесиң» деп мага берип коюшту. Жаңы үйгө алып келгенде өзүмдүн балдарым 3-4 жашта болушчу. Ал кичинекей бала. Улам шымына сийип коюп, куургап эле жүрө бериптир. Өзүмдүн балдарымдын сандыктагы кийимдерин алып чыгып үстүн которуп, памперс кийгизип койдум. Сийдиктин жыты денесине сиңип калыптыр. Алып келгенимде өзүмдүн балдарым мени кызганышып жанына жолобой жатышкан. Улам жуунтуп отуруп, которунтуп, жакшынакай эле бөбөк кылып койдук. Ал балага деп кичинекей бөбөктөрдүн тамагын, йогурт сатып келем. Жумушка өзүм менен көтөрүп барып жаттым. Жумуштан ыйлап баштаса эле кесиптештерим түшүнүп үйгө эрте бар деп жөнөтүп коюшат. Жумушта башкалардын бирөөсүнө да барбай мени кучактайт. Анан ушинтип 3-4 күн өттү. Апасы деген ушинтип балдарын таштап ичип кетип калчу экен. Баласы бизде экенин угуп, жуунуп, жакшы кийинип, соолугуп райондук ички иштер бөлүмүнө келиптир. Күндөгүдөй болуп эле баланы көтөрүп жумушка кирип бара жатам. Апасы кире бериштеги бөлмөдө отуруптур. Колумдагы бала көрүп алып эле апама барам деп жулунуп, чыңырып ыйлап калды. Баарыбыз «эненин мээрими канчалык күчтүү, мени ушинтип «сатып» кетти» деп күлүп жатабыз.

Андан башка дагы канча балдар болду. Үйүбүзгө алып барып кийинтип, курсактарын тойгузуп, жумушка алып келип багып жүрдүк. Биз ушунчалык аракет кылып, апасы менен чогуу болсун деген аракеттерди көрөбүз. Такыр эле болбой улам кайра эле кайталана берсе, матерриал топтоп, балдарын балдар үйүнө бөлүп салган дагы учурлар болду.

Балдарын көзөмөлдөбөгөн ата-энелер кайра милицияны күнөөлөшөт

Кечинде көчөдө жүргөн жаш өспүрүмдөр үйүнөн чыгып дайынсыз жоголуп кеткендери болот. Ата-энелер ошол учурда карабай анан кайра «милиция иштебей жатат, жакшы издебей жатат» десе ачууң келет. Көп адамдар өз укугун жакшы билишет да, бирок милдеттерин билишпейт. Балдарын кечинде эшике эмнеге чыгып жатканда карашпайт?

Кылмыш кылгандардын карганганына ишенбейбиз

Милицияда биз факты менен иш алып барат эсемпизби. Анан бул жактан адамдардын жүзүн нак билип каласың. Бир окуя болду. Бирөөнүн телефону жоголуп кетет. Анан ал киши «үйгө ушул эле кошунам келген, ушундан эле көрүп жатам» деп арыз жазып кетти. Аны суракка чакырганда «мен алган жокмун, далилдегиле» деп көп сөздөр менен карганды. Биздеги балдар иш жүргүзүп, телефонду ошол эле алган жокмун деп жаткан адамдан табышкан. Аны көрүп жатып адамдардын сөзүнө ишенбей калат экенсиң. Ошол замат эле алибисин, фактысын карай баштайсың (күлүп).

Кылмыш кылып качып кеткен баланы кармасак рахмат айтып ыйлаган эле

Ыкчам топ менен бирге көптөгөн кылмыштардын бетин ачууга катыштым. Сөзсүз аял киши катышуусу керек деген учурлар болот. Анда дайыма мен даяр турат элем. Көбүнчө издөөдө жүргөн адамдарды кармоодо, кайра рахматтарын айтып келген учурлар көп болду.

Бирөөнүн үйүн өрттөп коюп, 3-4 жылдан бери издөөдө жүргөн бала бар эле. Ал Бишкек шаарында жертөлөдөгү тигүүчү цехтерде үтүкчү болуп иштеп жүрчү экен. Ал кармалган соң рахматын билдирип келген болчу. «Мени кармабасаныздар өзүм келе албайт болчумун. Эртең менен эрте жумушка кирип кетем да түндө чыгам. Бекинип жашоо кыйын экен. Керек болсо туугандарыма бара албайм. Сүйлөшкөндөн да коркуп эч ким менен сүйлөшө алчу эмесмин» деп ыйлаган эле.

Таң калтырган оор кылмыштар да болот

Мени эң таң калтырган кылмыш Манас районунда болгон. Манас районунун тургуну малчы издеп, Бишкек шаарындагы базарлардын биринен чабан таап келген экен. Ал малчы аялы экөө кашарда мал кайтарып жашашат. Бир күнү эле аялы жок болуп калат. Сурагандарга «төркүнүнө кетип калды» деп жооп берген экен. Жаңы аял алып ошол жерде жашап жүрөт. Арадан 2 жыл өтүп, жер айдоодо гана адамдын сөөгү чыккан. Көрсө баягы малчы мас абалында аялы экөө урушуп кетип, аялын өлтүрүп алып, сарайдан бир аз нары жерге көмүп койгон экен. Анан ошол жерде башкага үйлөнүп жашай бергени таң калтырган.

Өзбүзгө коркунуч жаралган учурлар болот

Жумуш учурунда өзүбүзгө да коркунуч жаралган учурлар көп болот. Мисалы пикеттерден кийин милиция кызматкерлери өзүбүз балдарыбыз үчүн эшике чыккандан коркуп калган күндөр болгон. Милиция кызматкерлери жумушка чыкпай коюп, эл өздөрү келип, «коргоп беребиз» деп ишке чыгарышкан күндөр болду. 2010-жылдагы пикеттен кийин Таласта аябай баш аламандык башталып, талап-тоноо фактылары көп болуп жатканда гана милициянын баркын билип, элдин сый-урматы көтөрүлдү десем болот. Ошондо түшүнүштү да биздин жумушту.

Милициянын капитаны 1 уул 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×