Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуКара-Буура району 14.03.2019 15:50

Айыл турмушу: Кара-бууралык Т.Султаналиев 30 жылдан бери «ГАЗ 53» унаасы менен элге кызмат кылып келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 55 жаштагы тургуну Төрөбек Султаналиев 30 жылдан бери жүк ташуучу «ГАЗ 53» үлгүсүндөгү унаа айдап, элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аскердик милдетин Россиянын Сахалин шаарында өтөп келген.

«Аскерден келгенден кийин 1985-жылдан баштап айдоочулук кесипке ээ болдум. Алгач колхоздун жумуштарына унаа менен эмгек кылдым. Ал жактан дагы жакшы жумуш аткарып, мактоо баракчаларына илинип турдум. «ГАЗ 53» унаам менен 30 жылдан элге кызмат кылып келе жатам десем болот. Айыл элине жардам берип, талаа жумуш, үйгө курулуш жумуштарына керектүү каражаттарды алып келип берем. Кызмат акы 200 сомдон болот.

Бүгүнкү күндө жүк ташуучу унаанын айдоочулары үчүн жумуштар көбөйгөн. Анткени заман өзгөрүүдө. Ошого карата талап чоң. Мисалы турак-жай, короо-сарайларды кеңейтип жатышат. Кум, топурагынан бери ташууда чоң унаалар керектелет. Андыктан мен кайсы убак болбосун баш тартпастан жумушумду аткарып, элиме кызмат кылып келем. Кичинемден айдоочу болорума ишенчүмүн. Бул жумуш жаккандыктан чыдап иштеп жүрөм. Элеттин тынбаган жашоо ыргагы ар бир тургунду иштетүүгө, мээнет кылууга алып келет. Андан башка дыйканчылык менен алектенип, ал жакка бала-чакам менен үлгүрүп, унаамды дагы иштетем.

Техникага ишеним болбойт. Бузулбаса эле тынымсыз жумушум жүрүп турат. Бузулуп калса тетиктерин базардан алдырып, өзүм оңдоп ишке киргизем. Негизи ушундай жүк ташыган унаалар айыл жергесине абдан керек», - деди ал.

Айдоочу 4 кыз, 1 уул, 10 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×