Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуБакай-Ата району 14.03.2019 16:23 На русском

Бакай-Атада 3 айылдын тургундары топтолуп, жоголгон кызматкер табылгыча алтын кендин жабылышын талап кылышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-мартта Бакай-Ата районунун Оро, 1-Май, Кыргызстан айылдарынын айрым тургундары чогулуп, Шыралжын кенинин ишин токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алар аталган кендин дайынсыз жоголгон 34 жаштагы жумушчусу Рамис Тотоновдун табылбай жатканы боюнча топтолушту.

Рамис Тотоновдун иниси Сагынбек уулу Адилеттин айтымында, агасын издөө иштери жакшы жүрбөй жатат.

«Шыралжын кенин жабуу талабы менен бүгүн дагы 3 айылдын эли нааразычылык билдирип чыгышты. Акем табылмайынча кенди жабуу талабы коюлду. Биздин оюбузча издөө иштери жакшы жүрбөй жатат. Жыйынга Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Шыралжын кенинен жетекчиси Виктор Межеловский катышты. Виктор Межеловский кенди жабуу мүмкүн эмес экенин билдирип, шарттарын айтып өттү. Жалпы 3 айылдан 400дөн ашык адам чогулду», - деди ал.

Эртеси 15-мартта Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев 14-март күнү Оро айыл аймагындагы Рамис Тотоновдун айылдаштарынан 400гө жакын адам эмес, 70ке жакын адам топтолгондугун билдирди.

«Кечээ 14-март күнү биз Оро айыл аймагында жыйында болдук. Жыйын жоголгон Рамис Тотонов боюнча болду. Ушуну менен 3-ирет чогулуп жатабыз. Ал жерде Шыралжын кенинин өкүлдөрү, биз жана жоголгон адамдын жакын туугандары гана келип, 70ке жакын гана адам катышты. Ал жерде апасы чыгып сүйлөдү. Эч бир адам «кенди жапкыла» деген сөз айткан жок. Издөө иштери боюнча ар 15 күндө жакындарына маалымат берип турабыз деп айтылды. Шыралжын ишканасы тарабынан ар бир айлыгы жоголгон адамдын колдонгон эсебине которулуп тура турган болду. Жакындарына ар бир айлыгын 20 миң сомдон деп эсептеп алып барышса эсебине салгыла деп билдиришти.
Ал эми тергөө иштери уланып 2-жолу сурак алып жатышат. Бүгүнкү күндө калп аныктагыч (детектор лжи) аппаратын алып келүүгө аракет кылып жатабыз», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 6-февралда Рамис Тотоновдун туугандары дайынсыз болуп, изделип жаткандыгын билдиришкен.

Алардын айтымында, Рамис 2019-жылдын 31-январында саат 18:30 чамасында Бакай-Ата районунда «Глобал Ширалжын Майнинг» ЖЧКсы иштеп жаткан алтын кенине барып, ал жерден белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

«Ал аталган кенде 2 жылдан бери иштеп келчү. Жубайы Түркияга иштегени кеткен. 1 уул, 1 кызы бар. Эч кандай оору менен жабыркабайт. Аялы иштегени Түркияга кеткенде балдарын өзү багып жүргөн. Балдарын абдан жакшы көрчү. Жумушуна дагы түз барып, түз келип жүрчү. 31-январь күнү жумушуна барган. Кийип жүргөн формаларын иштеген жерине таштап, жука кийимдери менен чыгып кеткен. 1 жумадан бери издеп жатабыз. Барбаган жерибиз калган жок. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Райондук милицияга арыз жаздык», - дешкен туугандары.

Ал эми Бакай-Ата РИИБдин кирминалдык кызматынын өкүлү Адилет Арыков издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.

«Учурда издөө амалы жүрүп жатат. Шыралжын жайлоосунан баштап, каналдар, суу тосмолор жана айылдарга чейин барып издеп жатабыз. Бизге жакындары тарабынан арыз түшкөн. Алардын айтымдарында изделип жаткан тургун 1 жума мурун жумушунан чыккан бойдон үйүнө кайрылып барган эмес», - деген ал.

Рамис Тотоновду көргөн-билгендер болсо 0701 60 16 29, 0709 23 51 56 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсо болот.

Тоолордон, талаалардан издөө:

Кийин 13-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен дайынсыз жоголгон 34 жаштагы Рамис Тотоновду издөөгө 100гө жакын адам чыккан.

Маалыматка караганда, алар Бакай-Ата районундагы Шыралжын тоосунун бардык аймагынан издешкен.

«Талас ОИИБдин, Талас РИИБдин, Талас ШИИБдин, Кара-Буура РИИБдин кызматкерлери, жоголгон адамдын айылдаштары, жакындары кошулуп, 100гө жакын адам издөөгө чыгышты. Кара-Буура районунун Бейшеке айылы, Бакай-Ата, 1-Май айылы менен бүткөн жерге чейинки ар бир кокту-колот, талаалар, сарайлар текшерилди. Облустук милиция атайын багытталган издөө жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатат», - деп айтылган маалыматта.

Рамис Тотоновдун туугандары кендин ишин токтотууну талап кылып чыгышкан

Андан кийин 4-мартта Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында жүздөгөн адамдар чогулуп, Шыралжын кенинин дайынсыз жоголгон кызматкери Рамис Тотонов табылганга чейин кендин ишин токтотууну талап кылышкан. Бул тууралуу жоголгон Р.Тотоновдун бир тууган иниси Сагынбек уулу Адилет билдирген болчу.

«Акемди бүгүн издегенибизге 33-34 күн болду. Бир да кабары жок. Бийлик тарабынан, ички иштер бөлүмдөрү тарабынан дагы жыйынтык көрсөтпөй жатышат. Кызматкеринин жоголгонуна карабастан Шыралжын кени ишти улантып жатышат. Буга жалпы айыл эли нааразы болууда. Бүгүн жалпы чыгып, ички иштер бөлүмүнүн ишине жана кенге нааразычылыгыбызды айттык. Жыйынга Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов жана милициянын жетекчилери (Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков) катышты. Ал жерде биздин дагы версияларыбыз айтылды. Акем ал кендин бир кемтик жерин билип, буга байланыштуу аны кимдир бирөө жок кылышы мүмкүн деген жоромол да бар. Бүгүнкү күнгө чейин бир айрылган кийимдин калдыгы дагы жок болуп жатат», - деген ал.

Кийин 6-мартта Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков Рамис Тотоновду милициянын 130 кызматкери күчөтүлгөн режимде издеп жаткандыгын билдирген.

«Бүгүнкү күндө биздин райондук, облустук ички иштер бөлүмдөрү биригип, 130 кызматкер Шыралжын кенинде жоголгон кызматкерди издөө иштеринде жүрүшөт. Андан тышкары айыл эли, жакындары да издөө иштерине кошулушту», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
42.76% (458)
«РСК Банк»
33.71% (361)
«Капитал Банк»
8.5% (91)
...
Всего голосов: 1071
×