Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 15.03.2019 09:32

Айыл турмушу: Таласта дарыкана иштеткен Б.Жумабаева бош кезинде 1000 долларлык саймаларды саят (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 67 жаштагы тургуну Жумабаева Бурултай апа 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча дарыканачы.

«Атам өмүр бою зоотехник болуп иштеп келди. Ал эми апам айыл ичиндеги аттуу-баштуу чебер айым болгон. Өзүбүз 7 кыз, 3 уулбуз. Бир туугандарымдын баары кызматта иштешет. Өзүм орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттен билим алгам. Кесибим боюнча дарыканачымын. Көп жылдар бою Талас районунун дарыканасынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектендим. 1998-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, дарыкана иштетип келем. Ал эми турмушка 1979-жылы чыккам. Жолдошум мамлекеттик кызматкер болчу. Азыркы учурда ардактуу эс алууда», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кол өнөрчүлүк ага апасынан өткөнүн кошумчалады.

«Керме сайманы 7 кыз отуруп-туруп сая берчүбүз. Апам өзү шырдак шырып, курак курап, сайма сайчу. 7 кызына тең септи өз колу менен жасап берген. Менин кол өнөрчүлүгүм да кызым турмушка чыгып, сеп берер убагында башталган. Апамдын жолун жолдоп, мен дагы кызыма өз колум себин жасап бергем. Азыркы учурда 1 миң долларлык саймаларды сайып жатам. Сайган саймалар сөзсүз жакындарыма белекке берилет. Сайма сайгандан рахат алам. Сайма сайып жаткан маалда өзүмдү тынч коюп, эч нерсени ойлобой саям. Күн сайын алек болуп отурбайм. Кечкисин жана дем алыш күндөрү кармап калам. Саймага керектүү нерселерди дүкөндөрдөн жана Индиядан алдыртам. Индиядан эжемдин баласы алып келип берет. Кездемелери абдан жакшы болот. Жасаган мээнетимди казак туугандар көрүп, 1 миң долларга баалап кетишкен. Андан тышкары курак курайм», - деди ал.

Бурултай апа 1 кыз, 1уул, 3 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×