Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 15.03.2019 10:22

Ажал менен күрөшүүгө арналган өмүр: Румен Койчиев 38 жылдан бери Таласта дарыгер болуп иштеп жатат

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 67 жаштагы тургуну Румен Койчиев 27 жылдан бери Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасында эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы ден соолук сакчысы менен баарлашып кайтты.

Адамдардын ден соолугу үчүн күрөшүп өткөн жылдар

1979-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүн аяктагам. Интернатураны 1980-жылы Кант шаарындагы хирургия, жаракат бөлүмүндө бүткөм. 1981-жылы Таласка келип, Бакай-Ата райондук ооруканасында иштеп баштагам. 1992-жылдан баштап Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасында эмгектенип келем. Бул ооруканада көп жылдар бою реанимация бөлүмүндө анестезиолог, реаниматолог болуп иштедим. Ал эми тез жардам көрсөтүү жана кабыл алуу бөлүмүнө башчы болуп которулганыма 2 жыл болду.

Жандандыруу бөлүмүнө оор абалдагы адамдар түшөт

Жандандыруу бөлүмүндө иштеген кезде эсте калган учурлар көп болду. Ал жакта күнүнө адамдын жашоосу үчүн күрөш жүрөт. Ошол жакта иштеген дарыгерлерди чыныгы эрдик жасап жатат деп билем. Өтө оор абалдагы адамдар келет. Ар кайсы курактагы адамдар түшөт. Наркоз тарап жатканда ар бир бейтаптан ар кандай сөздөр чыгат. Бир бейтаптар ата-энесин жакшы көргөнүн айтса, бирөөлөр наркоз толук тараганча сөгүнгөн учурлар болот. Кийин айтсаң мойнуна алышпайт.

Мен окууну жаңы бүтүп келип, иштеп жаткан учур болчу. Бир электрикке орперация жасамай болдук. Жаңыдан наркоз берип жаткан кезде колу бошоп кеткен экен. Менин жанымдагы дарыгерди ичке бир соккон эле. Катуу тийген экен, курсагын басып эле мени бир койду деп ачууланып калды. Көрсө электриктерде ток тартып калганда колдорун бат тартып алган рефлекс иштейт экен. Кийин ойгонгондо ал дарыгер: «Мен сени ойлоп операция жасап жатсам урасың», - деп күлүп жүрдү.

Өмүр үчүн күрөш, ажалдан куткарылган бейтаптар

Бир эжеге да операция жасап, ийгиликтүү болгон экен. Ал небересине менин ысымымды ыйгарып, Румен деп ат коюптур. Мен кийин уктум, Бакай-Атада экен. Кийин иштешкен кесиптешим «ошол баланы өзүңүз отургузуп берсеңиз» деп айтып калды. Ошентип аны өзүм отургузуп бердим.

Бир жолу өтө көп убакытка созулган кыйын операциялардын бири болгон. Киров районунан жаш баланы алып келишти. Футбол ойноп жатып көк боору жарылган экен. Операция учурунда ДВС-синдром болуп, улам кармаган жерибиз канайт. Аны сактап калган бир гана фактор болду. Өзүнүн каны калбай калганда суюк болуп калат да, терисин тиккенде кармаган жерден эле кан токтобой калат. Жаныбызда кан борбору бар эле. Улам плазмага жөнөтүп, кан куюп аман алып калганбыз.

Ооруну тоготпогондор өкүндүрөт

Азыркы учурдагы маселе — эл инфаркт деген ооруну тоготпой, учурунда кайрылышпаганы. Айрыкча эркек адамдар. Эркектер физиологиялык жактан күчтүү болгону менен биологиялык жактан алсыз болушат. Көп ооруларга туруштук бере алышпайт.

Жакында эле 47 жаштагы эркек киши келди. Базарга бара жатып баса албай калып, тердеп, кайра үйүнө чейин басып барыптыр. Ал жактан кайра ооруканага өзү келген. Кардиогендик шок деп коет, ошол акыбалдан чыкпай келди. Биз бул жакта күчтүү дары-дармек берип, колубуздан келгенин жасап, текшерүүдөн өткөрдүк. Бирөөсү да жардам бербей, ушул жерден каза болду. Ушундай ооруну тоготпой жүрө бергендер көп.

Унаа кырсыкка кабылгандарды куткарууга болгон аракеттер көрүлөт

Бизге ашуулардан дагы автокырсыкка учурагандар көп келет. Бир жолу бир автокырсыктан 4 киши түштү. Таласка Нарындан кудага келе жатышып, айдоочу рулду башкара албай калып, кырсыкка кабылышкан экен. 6 адамдан экөө ордунан каза болуп, 4 адам бизге түшкөн. Ооруканадан экөө каза болду. Бирөөсүн мен Бишкекке жеткиргем, ал жактан каза болуп калды. Бул жерден бирөө сакайып чыгып кеткен. Мындай кырсыктап түшкөндөрдүн саны көп. Алардын өмүрү үчүн акырына чейин аракет кылабыз.

Дарыгер жубайы Анара Жунусова экөө 2 кыз, 1 уул, 3 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×