Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 15.03.2019 11:35

Айыл турмушу: Таластык Э.Арыкбаев унааларды 50 миң сомго чейин оңдогон учурлар болот (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 45 жаштагы тургуну Эркинбек Арыкбаев унааларды оңдойт. Аймактагы кабарчы уста менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле устачылыкка кызыгат.

«Мектепти бүткөндөн кийин телемастердин окуусунда билим алдым. Өзүм алгач сыналгы, майда нерселерди оңдоп жүрдүм. Менде эртең бүтүрөм деген түшүнүк жок болчу. Кандай болсо дагы ошол иштин аягына чыгармайынча түн бир оокумга чейин оңдоп отура берчүмүн.

Ал эми чоң техникага аралашып баштаганыма 5 жылга жакын убакыт болду. Алгач өзүмдүн унаамды оңдоп баштадым. Ал учурда союздун унаасын айдап жүрчүмүн. Унаам бат-бат бузула берип, өзүм дагы аны оңдогонго көнүп калгам. Кийинчерээк ага керектүү тетиктерди таба албай калдым. Анан унааны өзгөртүүгө туура келди. Ошентип Япониядан келген унааларды оңдоп үйрөнө баштадым. Азыр болсо 4 бала болуп иштеп жатабыз. Бизге оңдоого кирген унааны бузулган жерлерин оңдоп, керектүү тетиктерин алмаштырып, боёгун өзгөртүп беребиз. Баасы келишим менен болот. Кээ бир учурда 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин акы алган күндөр болот.

Азыр унаа оңдоочу жайлар көп болуп кеткендигине байланыштуу сапатына көп көңүл бурабыз. Биз үчүн бир күндө канча унаа оңдолуп чыкканы маанилүү эмес. Бизге канча күн болсо дагы ар бир унаа жакшы деңгээлде оңдолуп чыгышы керек. Кээ бир адамдар болот, кандай кылсаң дагы жакпайсың. Андай учурда кайра ачып, өзүнүн көзүнчө карап чыгууга туура келет», - деди ал.

Эркинбек уста 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
42.76% (458)
«РСК Банк»
33.71% (361)
«Капитал Банк»
8.5% (91)
...
Всего голосов: 1071
×