Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуБакай-Ата району 15.03.2019 13:35 Жаңыланды: 16.03.2019 22:15

Айыл турмушу: Таластагы 18 жаштагы балбан С.Үсөнов эркин күрөш боюнча 16 медалдын ээси (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 18 жаштагы тургуну Сыймык Үсенов 6 жылдан бер эркин күрөш менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 16 медалдын жана 38 грамотанын ээси.

«Мен айылдагы спорт залга мындан 6 жыл мурун баш баккам. Албетте, өзүмдүн кызыгуум менен баргам. Спортко абдан кызыгам. Кийин өзүмдү спорт чебери катары көргүм келет. Салмагым 70 кг. 6 жыл ичинде район, облустук мелдештерде күрөшүп, 16 медалдын жана 38 грамотанын ээси болууга жетиштим. Бир гана күрөш менен машыкпастан узундукка секирүү, чуркоо боюнча дагы машыгып, ийгиликти багындырып келем. Мага спорттун баардык түрү жагат. Колдон келишинче спорттун көп түрү менен машыкканга аракет кылып жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле машыгуу учурундагы кыйынчылыктары менен бөлүштү.

«Кыйынчылык болмоюн жеңишке жете албайсың. Облустук же райондук мелдешке 1 ай мурун машыгып, даярдыкты күчөтөсүң. Машыктыруучум Момутаев Мачин агай бизди аябай кыйначу, тындырбай чуркатып машыктырчу. Эгер анын оюндагыдай болуп машыга албай, жыйынтык көрсөтө албай жатсаң кайра башынан баштап кылдырып койчу. Машыгуунун акырында баса албай кыйналган күндөрүм көп болду. Кээ бир учурларда өзүмдү кыйнап жатам, спортту таштап салсам жеңил болмок деген ойлорум дагы болгон. Бирок аракетимдин аркасы менен көп жыйынтыктарды көрсөттүм. Агайым «силер кыргыздын кызыл желегин бийиктикке чыгара турган балбансыңар, ошондуктан спорт менен жашагыла» деп көп айтат. «Кыйналгыла, ыйлагыла, кыйынчылыкты көргүлө. Бирде жеңсеңер бирде жеңилгиле. Жеңилген учурда кийинкиде каталарыңарды кайталабайт турган болгула» деп тарбиялап келет. Жеңишке жетүү үчүн алдыга умтулуу керек. Келечекте мыкты спорт чебери болушум керек», - деди ал.

Сыймык балбан үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×