Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуКара-Буура району 15.03.2019 14:29

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Назаралиев жыл мезгилине карабай киреше берген жумушта иштейт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 43 жаштагы тургуну Нурбек Назаралиев бир топ жылдан бери чачтарач болуп иштейт. Аймактык кабарчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үйүнүн жанына чачтарачкана ачкан.

«Чачтарачтын жумушу жыл мезгилине карабай чыгашасы аз, кирешеси бар жумуш. Айыл ичи болгондуктан бир кишинин чачын 80 сомдон тегиздеп берем. Бул жумуш менен башында өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн алектене баштагам. Кийин эл келе баштаганда толугу менен берилип кеттим. Үйүм мектептин тушунда болуп, мектеп окуучулары да кайрылганда атайын кеңсе даярдап, чачтарач ачып алгам. Кичинекей кезимде ушул кесипти аркалап калам деп ойлогон эмесмин. Алгач ишке киришкенде жаш балдардын чачтарынан баштагам. Өзүмдүн чачымды дос балам жана бир тууган иним гана тегиздешет.

Бул кесипти окубасам дагы нааразычылык сөздөрдү бир дагы жолу уккан эмесмин. Шыгым болгондон кийин бат эле өздөштүрүп, өз алдымча үйрөнүп кеткем. Чачты кыркуу, тегиздөө туурасында жалпы маалыматтарды китеп бетинен карап үйрөнгөм. Ар бир ишти майын чыгара иштөөдө, кардарга жага тургандай кылып жасап берүүдө чыдамкайлык керек. Кардар менен баарлашып отуруп, убакыттын өткөнү байкалбай калат. Бир кардардын чачы болжол менен 1 саат убакытты алат. Кээ бир учурларда (майрамдарда) кезекке туруп калышат», - деди ал.

Каарманыбыз ага келген жаш балдар ыйлай тургандыгын кошумчалады.

«Атасы же апасы менен келген балдардан ыйлагандар көп болот. Анткени бала каалагандай кылып тегизделбей калат. Себеби атасы же апасы «модасы жок эле кыска тегиздеп сал» деп айтышат. Мен айтканын жасап берем. Анан баласына жакпай калып, ыйлашат.

Чоң класстын балдары өздөрү келип, каалагандай кылып тегиздетип кетишет. Көбүнчө спорттук стилде тегиздетишет. Креативдүү тегиздетүүлөргө дагы талап болот. Аны айтып түшүндүргөн боюнча тегиздеп же кыркып берем», - деди ал.

Чачтарач 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
42.76% (458)
«РСК Банк»
33.71% (361)
«Капитал Банк»
8.5% (91)
...
Всего голосов: 1071
×