Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусу, Талас 15.03.2019 15:46

Таласта керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 15-март күнү Талас облусунда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүнө карата тегерек стол өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду. Ага экологиялык жана техникалык инспекциянын, стандартизациялоонун, санэпидемстанциянын өкүлдөрү жана Талас шаарындагы ишкерлер катышты. Анда Таласта күйүүчү майдын аткезчилик жол менен ташылып, стандартка жооп берген базаларга караганда арзан сатылып жатканы айтылды.

Мындан тышкары үйлөрүндө мыйзамсыз сатып ишкерлик кылгандар көбөйүп жатканы, аны менен катар коопсуздук маселеси жаралып жаткандыгы белгиленди. Бүгүнкү күндө дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарлар сатылып жаткан фактылар көп экени да айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×