Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуМанас району 19.03.2019 11:09

Таластагы кыргыз-казак чек арасында өрт чыгып, 3 гектар аянттагы чөп күйүп кетти

// «Репортер АКИpress»

Turmush -  Манас районундагы кыргыз-казак чек арасында 3 гектар аянттагы чөп жана бадалдар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Үч-Коргон айыл аймагында Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрүнүн чек арасында чыккан. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Манастын Таш-Башат айылында ачык аянтта 350 түк чөп жана 6 тонна үйүлгөн чөп күйгөн. Бул кырсык балдардын от менен ойногонунан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×