Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 21.03.2019 09:25

Таласта Ноорузга карата райондор аралык көк бөрү мелдеши өттү (видео)

Turmush -  Кечээ, 20-мартта Талас шаарындагы ипподромдо Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу оюндун башкы калысы Расул Чокоев билдирди.

Анын айтымында, таймашка облустагы 4 район, 1 шаардан бирден команда катышты. «Мыкты оюнчу» наамын Манас районунун 1979-жылы туулган тургуну Мидин Арыкбаев алды. Ал эми Кара-Буура районунун Чабалекей аттуу күлүгү «Мыкты күлүк» аталды.

Жыйынтык:

- 1-орун — Кара-Буура району (30 миң сом);

- 2-орун — Манас району (20 миң сом);

- 3-орун — Талас шаары (10 миң сом);

- 4-орун — Бакай-Ата жана Талас райондору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×