Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуМанас району 28.03.2019 13:31

Тирүүлөй күйүп, кармаганда эттери үзүлүп өлгөн 4 баланы унута албайм: Куткаруучу У.Тамабаев аза бойду титиреткен окуялардын күбөсү. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Жерге-Тал айылынын 40 жаштагы тургуну Уларбек Тамабаев 20 жылдан бери куткаруучу болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен 1995-жылы мектепти аяктадым. Андан соң Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бөлүмүн бүтүрдүм. 1999-жылы Талас шаардык өрткө каршы бөлүмүнө өрт өчүргүч болуп ишке кирип, эмгек жолум башталган. Учурда Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы бүткөн бойду титиреткен окуяларды эскерди.

«Жумушта эсте калган учурлар көп болду. 2011-жылы май айында Таластын Ч.Айтматов көчөсүндө унааларга май куя турган жай күйгөн. Биздин өздүк курам өрт өчүрүүчүлөрдүн күнүнө карата «Динамо» стадионунда спорттук оюндар боюнча даярдыкта жүргөнбүз. Бир убакта даң деген катуу үн чыкты. Биз эмне болду деп түшүнбөй калдык. Ошол замат эле «май куйган жай күйүп жатат» деп маалымат келди. Биз жакын аралыкта болгондуктан 5 мүнөт аралыгында барып калдык. Көрсө өрттүн себеби аткезчилик менен келе жаткан бензиндер болгон экен. Анан электр насосто коопсуздук каралбагандан улам учкун чыгып, өрт болуп кетиптир. Дагы жарылуу коркунучу чоң эле. 4 унаа менен иштегенбиз. Ал жерде бир жакшы жагдай — май куйган жайдын жанында суунун акканы болду. Суу менен көбүк аралаштырып чачтык. Саат түшкү 13:30да башталган өрттү 30 бала кечки 21:00дө өчүргөнбүз. Чоң темирден жасалган цистерна ысыган сайын чоюлуп жатты. Жолдун берки бетинде «Газпром» май куйган жайы бар эле. Ага жетсе ал дагы жарылат деп тыпырап жаттык. Өрт чыккан жер чуңкур жерде жайгашкандыктан чачкан суубуз тизебизден өйдө болуп калды. Ал учурда сезбей тыпырай бергенбиз. Үйгө келгенден кийин буттарыбыздын күйүп калганын көргөнбүз. Жумушумдагы эң чоң өрттүн бири ушул болду.

Андан кийин дагы автобазанын жарылганына күбө болдум. Эң өкүнүчтүүсү жапжаш балдардын көз алдыбызда күйүп, кыйналып жатканы болду. Бул жерде дагы коопсуздук каралбагандан улам колго жасалган насостордон улам өрт чыккан экен. Ал жерде цистерна жарылганда автобус өрттөнүп, анан от жайылып кеткен. Биз барганда дагы бочоктору жарылып, укмуштай күчтүү үндөр чыгып жатты. Ал жерде унаа жуучу жайдын саркынды суулары түшкөн чуңкур (септик) бар экен. Өрткө күйүп калган 4 бала ошол сууга секирип жиберишиптир. Колун кармасаң эттери үзүлүп жатты. Биз барганча тез жардам бир баланы алып кетиптир. Биздин балдар 4 баланы алып чыгып, ооруканага алып барышты. Ошондо сууда кыйналып, көздөрү балбылдаган жаш балдар азыркыга чейин көз алдымда. Ооруканага барган күнү эле түндө каза болуп калышты. Бардыгы 23-25 жаштагы жаш балдар эле. Бир гана бала оңолот деген кичине үмүт бар эле. Тилекке каршы ал дагы 4 күндөн соң жан берди. Ал жерде автобус, «КамАЗ», автобаза өрттөнгөн. Жанындагы чоң имараттарга жеткирбей өрттү өчүргөнбүз», - деди ал.

Куткаруучу үй-бүлөдө 1 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×