Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуКара-Буура району 28.03.2019 14:42 Жаңыланды: 29.05.2019 19:40

Айыл турмушу: Кара-бууралык Анарбай аксакал 38 жылдан бери малдын ден соолугу үчүн күрөшүп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 66 жаштагы тургуну Анарбай Жунусов 38 жылдан бери элдин малын дарылап, кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы ветеринар менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ветеринарлык кесипке кичинесинен эле кызыгат.

«Ата-энем өмүр бою чабан болуп эмгек кылышкан. Ошол кезде мал ооруп калчу. Аларды дарылайм деп калчумун. Ошонун аркасынан мал доктурлук кесипке ээ болгом. Кичинемден самап келген кесибиме жеттим. Канттагы техникумду ийгиликтүү аяктагам. Ал кездеги окуу системасы абдан күчтүү болгон. Союз убагында 1978-жылы Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында уруктандыруучу заводдо веттехник болуп иштеп, эмгек жолумду баштагам. Койлорду дарылап, операция жасадым. Колхоз тарап кеткенден бери мөөр, документ, күбөлүк алып, жеке иштеп жүрөм. Айылдын тең жарымынын мал-жандыктарын карайм. Ар ай сайын отчёт тапшырып турам. Менин иштөө жолум жасалма уруктандырууну көбөйтүү эмес — мал дарылоо. Айыл элинин миңдеген мал-жандыктарын дарылайм. Түндөп чакыруулар болот. Эч баш тартпастан жардамга барам. Бирөөнүн ую тууй албай жаткан болот же жаракат алып калат.

Азыркы кезде мал менен оокат кылып калгандан кийин алар сыркоолобосо экен дейбиз. Малды сактап калган учурлар көп болгон. Колдон келгенин аянбайм. Аман сактап калганда өзүм дагы кубанам. Эмдөөлөрдү укол жана таблетка менен жүргүзүп турам. Малды сыркоолордон алдын алуу үчүн жазында жана күзүндө эмдөө болот. Аларды идентификациялап, базага түшүп калды. Эгер жаңы туулган мал болсо, ал жандыкка 3 айдан кийин идентификациялык номур тагам. Эт, тоок, сүт саткандар милдеттүү түрдө ар бир айдын башында текшерилип, тактама алып турушат. Мисалы сүт сатса аны бала бакча алат. Андан балдар ичет, ага ким жооп берет?

Акыркы жылдары койлордун оспа дарты, кыргызча күл деп аталган ылаңы менен алышканбыз. Анда койдун башы шишийт. Ал 3-5 күнгө гана созулуп, чара көрүлбөсө кой өлөт. Аны дарылап айыктырып, андан кийин укол сайылат. Убагында толугу менен эмдөөдөн өтпөгөн малдар башка малдар менен аралашып жуктурушат. Ошондуктан эмдөө убагында жер-жерлердеги малдын бири калбай эмделип турса ооруларды алдын алабыз. Мал доктурлар үчүн окуулар байма-бай болуп турат. Бирок бул тармакка келген жаштар жокко эсе», - деди ал.

Анарбай аксакал 7 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×