Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуБакай-Ата району 02.04.2019 09:52

Өзгөчө ысым: Көк бөрүчү Аудасбектин ысымын так билбей өз ара талашкан тааныштары үйүнө чейин келип, атын тактап кетишкен (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 24 жаштагы тургуну Мырзабек уулу Аудасбектин атын уккандар сөзсүз «кыргызсыңбы?» деп сурашат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ысымы кандай маанини билдирерин өзү да билбейт.

«Менин атымды уккан адамдар алгач 2-3 ирет сурап, андан соң сөзсүз түрдө «кыргызсыңбы?» деп суроо салышат. Мен кыргыз жигити болом. Атым кандай маанини берип турарын ушул күнгө чейин толук түшүнө албай келем. Бирок кандай максатта коюшканын чоң апам айтып калат. Мындан көп жылдар мурун Өзбекстанда Аудасбек аттуу белгилүү көк бөрүчү чыккан экен. Ошонун атынан мени дагы ат жалында ойногон жигит болсун деп, чоң атам атымды Аудасбек деп койгон экен. Азыр наристеге ат коёрдо жакшы ниет менен койсо кабыл болоруна ишендим. Азыркы учурда чоң атамдын ниети кабыл болуп, Таластын көк бөрү боюнча «Ынтымак» курама командасында ойноп келем. Мен оюнга жаңы кабыл алынганда бул жактагы акелер «атың башкача экен» деп, менин атымды Абдулас деп жазып коюшкан. 1 жыл ошол Абдулас деген ат менен ойнодум. Жаңы жылдан баштап Аудасбек деп чоң атам ыйгарган ат менен таанылып келе жатам.

Бир жолу 2 бала менин атымды талашып, мелдеше кетишкен экен. Бири атымды Аудасбек десе, экинчиси Абдулас деп айтып, экөө үйгө келишиптир. Ошондо атым айланамдагы адамдарды кызыктырып жатканына өзүм дагы таң калгам», - деди ал.

Аудасбек мырза үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×