Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуБакай-Ата району 02.04.2019 13:10 На русском

Айылдагы миллионер жубайлар: М.Малабаев менен А.Бөтөшова элетте кантип миллионер болушту? Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 49 жаштагы тургуну Муктарбек Малабаев жубайы Айнура Бөтөшова экөө 50 кой менен чарба түптөп, азыр жылына 2 млн сомго чейин киреше табууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чарбасын атасынан калган 50 кой менен баштаган.

«1987-жылы мектепти аяктагам. 1988-жылы аскерде кызмат өтөп келдим. Үйдө кенже бала болгондуктан ата-энемдин колунда калдым. Башка бир туугандарым окуп, ар кими өз чарбасы менен кетти. 1991-жылы үйлөнүп, мал чарба менен алектенип калдым. Үйдө атамдардын 50 кою бар эле. 1992-жылы мал чарба кооперативине жумушка кирип, жубайым экөөбүз 2 жыл колхоздун козуларын бакканбыз. 1996-жылы кооператив тараган соң ошол сарайды менчик кылып сатып алып калдык. Сарай айылдан 4 км жогору жайгашкан. Үй-бүлөбүздүн 50 коюнун козуларын жакшы карап, жыл сайын көбөйтүп жаттык.

Малга кызыгуу болгондо гана ошол ишти алып кетүүгө мүмкүн. Биз эч кандай насыя алган жокпуз. Короодогу койлорду жакшы карап, бапестеп багып, көбөйтүп алдык. Туулган козуларга жубайым упчу менен сүт берип, жылуу жерде бакты. Карышкырлардан коруганың жана башка түйшүктөрү көп. Бул иштин кыйынчылыгы көп, эс алуу күн деген жок. Малды талаага жайып чыгып, түндө катуу жамгырда калган учур болгон. Мөндүр аралаш жамгыр жаап, мал баспай туруп калган. Түнү менен кайтарып, эртеси айдап келгем. Андан кыйын күндөр да көп болду», - деди фермер.

Каарманыбыз буга катар эле малын жайында Бүркүт-Уя жайлоосунда карай тургандыгын кошумчалады.

«Бул ишкерликтин жакшы жагы — ар убакта акча болот. Мал базарга алып чыксаң эле малыңа татыктуу акчасы турат. Учурда 10 чакты жылкы, 5-6 уй, 600дөн ашык кой бар. Жылына 2 млн сомго чейин киреше болот. Малды үй-бүлөм менен Күмүштак деген жердин Бүркүт-Уя деген жеринде карап кыштайбыз. Жазда төл учурунда айыл жактагы кашарда болобуз. Малга жылына 15 унаа чөп, 3 тонна жем алабыз», - деди ал.

Фермер жубайы экөө 1 кыз, 4 уул, 4 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×